Нарын шаарынын мектептери «Акыркы коңгуроо» салтанаттары өттү

Бүгүн 25-майда, Нарын шаарынын бардык орто мектептеринде «Акыркы коӊкуроо» салтанаты белгиленди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш чаранын жүрүшүндɵ шаар мэри Эмилбек Алымкулов Матен Сыдыков атындагы №7 орто мектепте окуу жылдын ийгиликтүү аякташы менен мугалимдердин жалпы жамаатын, окуучуларды, ата-энелерди, бүтүрүүчүлɵрдү куттуктады.

Ошондой эле, окуудагы мыкты жетишкендиктери үчүн № 7 М.Сыдыков атындагы орто мектептин беш окуучусуна бир миӊ сомдон мэрдин стипендиясы тапшырылды.

Белгилей кетсек, быйылкы окуу жылында аталган мектептин 2 окуучусу А.Джаанбаева жана К. Медетбекова “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.

Нарын шаарында быйылкы окуу жылында жалпы орто билим берүүчү мектептерде 11-классты аяктап жаткан окуучулардын саны — 403, ал эми 9-классты 576 окуучу аяктоодо.