Көкөтөй чечендин бир эрдиги жана чындыгы

Илгери тынымсейит элинде Жапар деген киши жашап, Он-Арча суусунун жээгинде бир-эки теше жер айдап, дыйканчылык кылгандыктан, эл аны “жатакчы Жапар” дешчү экен. Ошол жатакчы Жапардын Гүлайым аттуу жалгыз кызы болуп, аялы бир кыздан кийин төрөбөптүр. Гүлайым чоңоюп, биягы Нарын, ал жагы Көл, Чүй тараптан жуучулар келе баштайт. Ата-эне “кызыбыз өзү көңүлү сүйгөн адамына турмушка чыгат” деп эч кимди жанына жолотушпай, айткан сөзүн ынатышпай, бөлөсү Айткулунун уулу Мамбетти туура көрүшөт. Себеби, Айткулу Жапардыкына келгенде, уулу Мамбетти ээрчите келип, Гүлайым менен Мамбет кичинесинен бири-бирине ынак өсүп, бири-бирине жакын экен. Муну кыз менен баланын ата-энелери да көрүп, күндөрдүн биринде Айткул бөлөсү ак боз бээнин көкүлүнө кебез байлап, кудалыкка келет. Жатакчы Жапардын көктөн издегени жерден табылып, эки жаштын үйлөнө турган күнү белгиленет.

Ошодон көп өтпөй тынымсейит элинин башын мыкчып, кыңк эттирбей бийлеп турган Рыскулбек болуш жигит-жоролору менен Жапардын бир тууган агасы Орозду кошуп алып, Жапардын үйүнө кулдук уруп түшөт. Гүлайымды Рыскулбектин 2-3 аял алган баласы көрүп калып, ичинен жактырып, атасынын ой-боюна койбой жиберген ошол экен. Болуш ичинен: “бу кембагал жатак-чыга бир-эки караны айтсам, макул болбой кайда барат?” – деп ток пейил отурат. Атактуу кишинин үйүнө баш бакканына жетине албаган жатакчы баягы бөлөсү кудалыкка апкелген бээни көтөрө чаап, Рыскулбекке болгон сыйын көрсөтөт. Тамак желип бүтүп, келген меймандар Жапардын оозунан эмне кеп чыгар экен дешип күтүп калышат. Анда үй ээси: “Болуш аке, төрдүн ээси сизсиз. Качан келсеңиз сыйым даяр. Бирок, кечирип коюңуз. Кечигип келдиңиз. Кызымдын ба-шы байланып калган, убада бекиген. Убадамды буза албайм”, – деп сөзүн кыска бүтүрөт. “Ой, акмак не деп турасың? Болуш менен куда сөөк болгуң келбейби. Улук башын кичик кылып келип отурса. Бул кишинин айтканын эки кылбай, той камын кылалы”, – дейт анда чебелектеген агасы Ороз. “Сенин агалыгыңды башка жерден сыйлайм. Убадамды буза албайм. Сенин үч кызың тирелип турат, болуш аке менен куда болсоң, сага жарашпайбы, ошолордун бирөөнө сөйкө салдыр”, – дейт кескин сүйлөгөн жатакчы.

Мындай жоопту күтпөгөн Рыскулбектин каны бетине тээп: “тарт атты”, – деп артына карабай аттанып кетет. Ошондон он чакты күндөн кийин көп шаан-шөкөтү жок эле Гүлайымды Мамбетке узатышат. Гүлайым келин болуп келгенине үч ай болду дегенде, чоң сайга сууга кеткен боюнча, үйгө келбейт. Мамбет жолдош-жоролору менен кыдырбаган жери калбай, 3-4 жеринен бычак жеген Гүлайымдын өлүгүн токойдон таап келишет. Ошол күндөн Жапар менен Айткулунун үйлөрүн кайгы менен ыза чулгуйт. Эл арасында Рыскулбектин эки жигити Гүлайымды токойго сүйрөп баратканын тезек терип жүргөн эки келин көрүптүр деген сөз желдей тарап кетет. Имиш сөздүн учугун иликтеген кишилерге Рыскулбектин заарынан корккон адамдар тике-так, ынандырарлык жооп бергенден баш тартышат. Себеби, Рыскулбектин иниси Такырбаш жигиттери менен элди кыдырышып, кимде ким ушак таратса, чоң айыпка жыгыларын эскертишип кетишкен болот.

Жаш келиндин жүрөк титиреткен өлүмү Көл башында жашаган Кыдыр акеге да жетет. Табиятынан боорукер адам жатакчынын үй-бүлөсүнүн кайгысын жүрөгүнө жакын кабыл алат. Бул убакта жаңыдан үйлөнгөн тун баласы Төгөчү капилеттен көз жуумп, өзү да кан жутуп жүргөн кези эле. Жердин алыстыгынан күнөөкөрлөргө айтар сөзүн айта албай калганына кейийт.

Арадан жылдар өтүп, Рыскулбек болуш да дүйнөдөн өтөт. Анын өлүмүнө Көкөтөй чечен өкүрбөй келип түшөт. Болуштун жасакерлери аны чоң сөзгө айлантып жиберишет. Бир күнү Көкөтөй эч нерсе оюнда жок, үйүндө жатса, болуштун жигити келип: “Сиздин ишиңиз каралат”, – деп аны жыйынга алып кетет. Жалаң байлар чогулган экен. Адегенде: “Сен, эмне үчүн Рыскулбек болушка өкүрбөй келип түштүң”, – деп суроо ташташат. Анда Көкөтөй чечен: “Өлүккө каалаган киши өкүрчү, каалабаган киши өкүрчү эмес. Мен болуштун кыз-матын көрбөсөм, жакшы сөзүн укпасам, не-ге өкүрөт элем? Рыскулбек карышкыр болсо, мен кой элем. Карышкыр өлсө, койлор кайгырмак беле? Силер өкүрүп жатып, болушту тирилтип алдыңарбы”, – дейт. “Чабарманга ат бербегениң кандай?”, – дешет бийлер. “Мен чабарманга бу тегеректе бош ат жок, атыңды откозуп алып, бастыра бер”, – дегем дейт ал. Сөзгө жыгылып, Көкөтөйгө жооп айта алба-ган бийлер ага төрт доо коюшат:

Өлүккө өкүрбөй келгени,
Алсызга  кайрым  кылбаган, залимдин,
жайы кара жер деп өлүктү табалаганы,
Чабарманга ат бербегени,
Ушул отурган бийлерге оң жооп бербей жатканы.

Ушуларды негиз кылып, Көкөтөйгө 9 бодо мал төлөгөнгө чечим чыгарып, мөөрлөрүн басышат. Чечен бийлерге таарынып, Кочкорго көчүп кетет. Бул кабар Кыдыр акеге да жетет. Ошол учурда Караколдо чоң жыйын болуп, болуш бүткөндүн баары чакырылат. Ал жыйынга Он-Арча болушу Такырбаш да келет. Жыйынга Кыдыр аке башчылык кылат. Ал тынымсейит элинин аманчылыгын сурагандан кийин: “Ээ, ботом, Нарын эли эмес, бугу, сарбагыш сыйлаган акылман адам жер которгудай, эмне күнөө жасады? Кыргыз атамзамандан бе-ри акындарды, манасчыларды, чечендерди, өнөрпоздорду сыйлап келбеди беле”, – дейт Кыдыр аке. Такырбаш болуш: “Көкөтөй өзүнүн тилинен тапты. Каранын канындай Рыскулбек болуш өлгөндө өкүрбөй келгени аз келгенсип, элдин көзүнчө: “карышкыр өлсө, кой ыйламак беле?” – деп кайдагыны айтып, өлүктү табалады. Бул сөздөрү үчүн сөөгүн Сибирде чирители дегенбиз, дагы айкөлдүк кылдык, 9 мал айып төлөсүн деп чечим чыгардык”, – дейт. Кыдыр аке: “Чындыкты бетке айткан кишиге да айып тагылат экен ээ. Агаң Рыскулбектин ким экенин эл билет. Бирөөнүн чолпондой кызын бейкүнөө өлтүрткөн киши. Ууру менен бөрү танапташ дегендей, агаңдын ат көтөргүс күнөөсүн жашырып-жаап салган силер карышкыр эмей, ким карышкыр? Жапар жатакчынын сурап алары, болушары жок деп жасаганыңар го. Силердин айыбыңарды ачканга күбөлөрдү азыр эле таба коемун. Бирок, болору болгон ишти козгоп, эски жара-нын оозун тырмабайлы. Анүстүнө айыпкер аркы дүйнөгө көчүп кетиптир. Күнөөсүнүн азабын тартып жаткандыр. Эгер жабылган аяк жабылуу калсын десең, ызы-чуу кылбайын десең, Көкөтөй чечендин башын куткарып, астына атыңды тартып, кечирим сура, элине кош. Азырынча бул жыйында отурууга сага орун жок”, – дейт кесе сүйлөп. Өлбөгөн төрт  шыйрагы  калган  Такырбаш  чыгып кетет.

Түз эле Караколдон чыгып, Кочкорго келип, Көкөтөй чеченге атын тартуу кылып, кечирим сурайт. “Өзүң келбейт элең, бир жиберсе Кыдыр аке жиберген чыгар. Сен жөнөкөй карышкыр болсоң, ал көк жал эмеспи. Анын тилин албасаңар, көк жал ооз-омурткаңарды бириктирип капшыра тиштеп саларын жак-шы билесиңер”, – дейт Көкөтөй чечен. Ошентип ал кочкорлук-тар менен кош айтышып, элине көчүп келет.

Көрсө, ал жатакчы Жапардын кызы Гүлайым киши колдуу болуп өлгөнүн, келинди болуштун жигиттери токойго сүйрөп баратканын көргөндөрдүн өз оозунан  уккан  экен.  Болуш өлгөндө өкүрбөй барганы ошондон тура.

Окен МАМАТКАНОВ, Санжырачы