Чек арадагы жемкорлук чектен чыктыбы?

УКМК жакында Мамлекеттик чек ара кызматындагы коррупциялык иштерди ачыктады. Кыргызстандын мыйзамдарын системалык түрдө бузуу менен өтүп жатышкан айрым чет элдик жарандардан акча алып, аларды жаап-жашырган фактылар чыгууда.

Жыл башынан бери УКМК менен Аскер прокуратурасы тарабынан МЧКнын кызматкерлерине 10 кылмыш иши козголгон. Мындай коррупциялык иштер өткөн жылдын сентябрь айынан бери “Тышкы  миграцияны  бирдиктүү эсепке алуу” боюнча автоматташтырылган системаны иш-ке киргизүүнүн натыйжасында аныкталып жатат. Андан тышкары, каза болгон кыргызстандык жарандардын паспорттору менен белгисиз чет элдиктер өтүп жатканын автоматтык система ачыктаган. Мисалы, 2015-жылы каза болгон жарандын чет элдик паспортун белгисиз бирөө пайдаланып, автоунаасын дагы ага каттатып койгон. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу структуралар да аралашкан.