III Эл аралык “Ысык-Көл форуму: Айтматов жана заман чакырыктары

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, «Кыргыз Туусу»


Быйылкы жыл Кыргызстанды ааламга тааныткан тарыхый-маданий окуяларга бай жылдардан болду. Жаңы гана доор карыткан эл экенибизди айкындаган, эзелки маданиятыбыздын күзгүсү болгон III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүп алсак, дагы бир улуу уулубуз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде белгилөө босогобузда турат. “Айтматов ааламы” ушунчалык кенен экен, дүйнө өлкөлөрүндө, Кыргызстандын өзүндө алп жазуучубуздун улам бир жаңы кырларын ачып берген иш-чаралардын өтүп жатышы чексиз сыймык. Ушул жуманын аягында Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан III Эл аралык Ысык-Көл форуму Айтматовдун адамзатка калтырган улуу мурасы, кыргыз элинин дагы бир мактанычы экендиги талашсыз. Кезегинде Ч.Айтматов түптөп кеткен, күнү бүгүн актуалдуулугу артып бараткан аталган Форумду жазуучубуздун 90 жылдыгына карата өткөрүү Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан демилгеленип, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинде колдоого алынган.

Ал – адамзатты акыл-эске үндөгөн демилге

Артка кылчайсак СССР кезинде жарыша куралдануу апогейине жетип, тишине чейин куралданган эки система тирешип турган чагы эле. Генийге айла жок экен, мындай шарттарда дагы эле болсо улуу гуманист Ч.Айтматов жол тапты. Тапканда да жалпы адамзат коомун акыл-эске, ойлонууга, диалог-ко чакырып, айтканы жер өрттөгөн ааламдын акылгөйлөрүн, түрдүү көз караштагы интеллектуалдарын (дүйнөгө аты угулган жазуучулар, окумуштуулар, композиторлор, сүрөтчүлөр) баш коштуруп, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгине чогултту. Бул 1986-жыл болчу. Айтматовдун чыгармаларынын өзөгүн түзгөн – адамзат коомунун жалпы баалуулук-тары, жаратылыш менен камыр-жумур жашоо, экологиялык кесепеттерге жол бербөө идеялары, ушул I Ысык-Көл форумунун негизги темалары болгон. Мындан 30 жылча мурун козголгон бул иде-ялардын бүгүн да куну ылдыйлай элек. Тескерисинче күн өткөн сайын актуалдуулугу артып барат. Башкача айтканда “адам үчүн эң кыйыны – күн сайын адам болуу” деген Ч.Айтматов адамзат коомунун көңүлүн түбөлүк ойлонто турган маселелерге буруп кетиптир. Ал ушуну-су менен мезгил өткөн сайын бийиктей бермекчи.

Айтмакчы, ошол биринчи форум, дароо эле “Айтматов клубу” аталып калган. Ага  дүйнөлүк  деңгээлдеги  интеллектуалдар, айтылуу америкалык драматургдар Артур Миллер жана Жеймс Болдуин, англиялык  жазуучу,  актер  Питер  Устинов, футурологдор Ольвин жана Хейди Тоффлер, эфиоп сүрөтчүсү Афеверк Текле, Рим клубунун төрагасы Артур Кинг, кийин ЮНЕСКОнун төрагасы болгон Федерико  Майор,  италиялык  окумуштуу Аугисто Форти, түрк композитору Йомер Зюльфю Ливанели ж.б.лар катышкандыгынын өзү, форумдун масштабынан кабар берип турат.

Ч.Айтматов баш болгон бул форумдун катышуучуларын ал кездеги СССРдин биринчи жетекчиси М.Горбачевдин кабыл алышы саясый жактан чоң колдоо же болбосо Айтматовдун демилгесинин эл аралык маанисин таануу, баа берүү кадамда-рынан болгон.

Ал эми II Ысык-Көл форуму негизинен ушул эле адамдардын катышуусунда 1997-жылы өтүп, ХХ жана ХХI кылымдардын кезеңиндеги талылуу темаларды талкууга алышкан.

Анын асыл идеялары уланууда

Бул күндөрү ордо калаабыз Бишкек шаарында жана көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Эл аралык Ч.Айтматов фонду менен биргеликте “Ч.Айтматов жана  заман  чакырыктары”  деген  аталышта III Эл аралык Ысык-Көл фору-мун өткөрүүдө. Ч.Айтматовдун 90 жыл-дыгына карата өтүп жаткан III Эл аралык Ысык-Көл форуму – бүгүнкү күндөгү, тагыраагы  XXI  кылымдагы  адамзаттын алдында турган глобалдык коопсуздук, экология, демография, социалдык жана экономикалык көйгөйлөргө жооп издеп, Ч.Айтматовдун чыгармаларында айтылган идеяларды жайылтуу жана өнүктүрүү, ой жүгүртүү аркылуу, адамдагы,  коомдогу  руханий  баалуу-луктарды биргелешип сактоо максатын көздөйт.

Ааламдын ар кайсы бурчунан келген интеллектуалдар, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер, чыгармачыл инсандар: 1. Курчап турган чөйрө жана өз алдынчалык маданияты: “Дүйнө бизди өзгөрттү, биз  дүйнөнү  өзгөрттүк”,  2.  Моралдык баалуулук жана гуманизм: “Күн сайын адам болуу”, 3. Глобалдашуу жана коопсуздук: “Баарыбыз бир кайыктабыз” деген темалардын алдында ой жүгүртүшмөкчү.

Форумга Азербайжан, Армения, Бела-русия, Германия, Израил, Индия, Иран, Испания, Италия, Казакстан, Кытай, Корея, Латвия, Молдова, Монголия, Араб Эмираты, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана башка  эл  аралык  уюмдардын  өкүлдөрү катышууда.

Айнура СУЛТАНБАЕВА: «Форумга дүйнөнүн 25 өлкөсүнөн 160тан ашуун өкүлдөр катышат»

Мындай эл аралык маанидеги иш-чараны өткөрүү өтө чоң жоопкерчиликти талап кылат. Ушундан улам Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Султанбаевага айрым суроолор менен кайрылдык.

– Айнура Жолдошбековна, аталган форумга дүйнөнүн канча мамлекетинен өкүлдөр катышууда?

– III Эл аралык Ысык-Көл форумуна Кыргыз Республикасын кошкондо 25 өлкөдөн 160тан ашуун адам катышуусу күтүлүүдө. “Күтүлүүдө” дегеним алды келип калды. Форумдун жүрүшүндө дагы келишет. Негизинен меймандар 3-октябрдан баштап келип баштады. Жогорку даражадагы конок катары Монголиянын экс-президенти Энхбаяр Намбарын, КМШ Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фондусунун аткаруучу директору Александр Гончаров, ТҮРКСОЙдун Баш катчысы Дүйсен Касеинов, кыргыз-казак сыймыгы, Ч.Айтматовдун үзөңгүлөш шакирти Мухтар Шаханов өңдүү өкүлдөр катышмакчы. Алар үчүн флайт план иштелип чыккан. Эл аралык “Манас” аба майданынан келген конокторду тосуп алуу, жайгаштыруу жана башка уюштуруу иш-тери боюнча тиешелүү адистер иш алып барууда.

– Форумдун жүрүшү тууралуу кененирээк токтолсоңуз?

–  4-октябрь  күнү  меймандар  Ата-Бейит тарыхый мемориалдык комплексине, Ч.Айтматовдун айкелине барышат. Ошондой эле мамлекеттик резиденциядагы Ч.Айтматовдун үй-музейинде болушат. Форум 2018-жылдын 5-октябрында мамлекеттик резиденцияда Президент С.Жээнбековдун катышуусу менен ачылат. Анда Ч.Т.Айтматов жөнүндө даректүү фильм көрсөтүлөт, чет элден келген коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышат. Күндүн экинчи жарымы пленардык иш-чаралар менен уланып, маданий программа менен жыйынтыкталат. 6-октябрь күнү коноктор Ысык-Көл Көл облусуна чыгып кетишет. Меймандар Чолпон-Ата шаарында атайын мейманкаларга жайгаштырылат. Жыйындар № 2 мамлекеттик резиденциясында 3 секция менен өтүп, декларация кабыл алынат. Программа ылайык, коноктор “Рух ордо” маданий комплексинде сейилдешет жана маданий программа менен коштолот.

Ал эми жалпы уюштуруу иштерин Кыр-гыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министр-лиги  жана  министрликтин  алдындагы Маалымат департаменти, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу “Мурас” фонду алып барууда.Учурда форумга арналган атайын web – сайт, логотип иштелип чыкты. Маданият  министрлиги  тарабынан  форумдун коноктору үчүн эстелик сувенирлери даярдалды.

Алп жазуучубуздун улуу мурасы болгон “Эл аралык Ысык-Көл форумунун” үчүнчү ирет Кыргызстанда өтүп жатышынын мааниси жана тарых-маданиятыбыздагы орду тууралуу өлкөбүздүн чыгаан чыгармачыл инсандары өз ойлорун айтышып, чын ыкластан кубаттап жатышат. Төмөндө Президентке караштуу “Кабар” улуттук мамлекеттик агенттигине орус тилинде жарыяланган пикирлерди айрым кыскартуулар менен которуп жарыяладык.

Кыргыз Эл Баатыры Бексултан ЖАКИЕВ: «Ал мезгил жөнөкөй эмес эле…»

Сооронбай Жээнбековдун III Эл ара-лык Ысык-Көл форумун өткөрүү демилгеси туура болгон. Бул болуп жаткан заман көйгөйлөрүн чечкенге чоң таасирин  тийгизип,  өлкөбүздүн  имиджин өргө сүрөйт. Чыңгыз Айтматовдун I Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүүсүнө ошол кездеги дүйнөдөгү саясый кырдаал себепчи болгон. Ал мезгил жөнөкөй эмес эле. Чоң мамлекеттер каршылашып турушкан. Согуш чыгып кетүү коркунучу, экология коопсуздугу, ачарчылык жана башка чечүүгө зарыл болгон көйгөйлөрдүн учуру болчу. Ошол кырдаалда Ч.Айтматов бул көйгөйлөрдү жөнгө салуу максатында демилгени колуна алып, I Эл аралык Ысык-Көл форумун өткөрүүнү сунуш кылган… Эң башкысы форумду жогорку деңгээлде өткөрүү керек…Ага биз тараптан да, башка өлкөлөрдөн да мыкты ойчулдар жана окумуштуулар катышса дейбиз. Дагы форумду тажаткан докладдар окулган илимий кон-ференцияга айлантып жибербеш керек. Ал жандуу жана актуалдуу маселелерди козго-гон аянтча болушу зарыл.

Академик Жамин АКИМАЛИЕВ: «Москвага чалып, коноктор үчүн самолет сураган»

– Мен  I  Ысык-Көл  форумуна активдүү катышкамын. Айтматов ал форумду уюштурууга өмүрүнүн 5-6 жылын арнаган. Эсимде бар Москвага чалып кадырлуу коноктор үчүн самолет сураган. Ч.Айтматовдун аброю ушунчалык эле ага дароо атайын борт бөлүп берген. Айтматов ал форумга дүйнө маданиятынын элитасын баш коштурган. Ошондо Ч.Айтматов форумдун негизги аспектилеринин бири Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу деп айткан болчу.

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги форумду өткөрүп, улуу жазуучубуздун идеяларын улантып жатат. Бул форум – глобалдуу көйгөйлөрдү талкуулай турган уникалдуу аянтча. Биринчи форумда ошондой болгон. Эң башкысы форум натыйжалуу болушу керек.

Кыргыз эл жазуучу Султан РАЕВ: «Бул форум дүйнөдө резонанс жаратат»

– Бул форум Айтматовдун идеялары материалдашып жатканы менен айырмаланат. “Айтматов жана заман чакырыктары” деген сөздүн мааниси ушунда. Анткени, баарыбыз билгендей учурда дүйнө татаал мезгилди баштан өткөрүүдө. Бүгүнкү күндүн чакырыктары баарыбызды ойлонтууда. Терроризм, экстремизм, экология жана адам абийири маселелери курч коюлууда.

I Ысык-Көл форумунда Айтматов келечек муундарга дүйнөнү сактоонун зарылдыгын жолдоп жатпайбы. Аны бир гана согуш болбосун эмес, адеп-ахлактык, экологиялык, социалдык жана саясый маанисинде айткан. Ошондуктан бул форум өтө принципиалдуу мааниге ээ. Бул форумга көптөгөн өлкөлөрдөн алдыңкы саясатчылар, маданият жана искусство ишмерлери, илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, экс-президенттер катышып жатат. Менин оюмча бул форум дүйнөдө резонанс жаратат. Анткени ага даанышман адамдар чогулуп, бүгүнкү күндүн жаңы чакырыктарын талкуулашат.

Азыр Айтматов арабызда жок, бирок анын идеялары калды жана тирүү. Ал бизге глобалдык масштабдагы суроолорду калтырып кетти. Биз ал суроолорго жооп табышыбыз керек. Менин оюмча өтүп жаткан форум дүйнөлүк коомчулукка бир катар глобалдык маселелерди чечкенге өзөк таштайт.