Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек ДЮШАЛИЕВ: “Эйр Кыргызстан” авиа компаниясынын ички каттамдагы учактарынын техникалык абалы талапка жооп бербейт”

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”


–  Абдыбек  Кашымбеко-вич, быйыл Президенттин жарлыгы менен аймактарды өнүктүрүүгө басым жа-салууда, эл менен жолугушуп келдиңиздер. Элет жеринин инфраструктурасын жакшыртуу боюнча Ысык-Көл облусунда кандай иштер аткарылып жатыптыр?

– Быйыл Президент Сооронбай Шарипович “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыялады. Жарлыктын алкагында аймактардагы инфраструктураны жакшыртууга басым жасалып, элет жерин өнүктүрүү багытында өнөр жай, дыйкан чарбачылыгы боюнча ишканалар ачылып, жеке ишкерликти жүргүзүүгө шарттар түзүлүп жатат. Облуста эгемендик алган жылдарда өз алдынча үйлөрдү куруп, отурукташып калган айыл макамын ала элек, таза суу жетпеген айылдар бар. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду тарабынан колдоо көрсөтүлүп, иче турган суу чыгарылып берилди. Мындан сырткары жергиликтүү эл туристтик сезон маалында келген туристтерге тейлөө кызматын көрсөтүп, жумуш орундары менен камсыз болуп, каражат табуу мүмкүнчүлүгү бар.

–  Ошондой  болсо  да,  эл арасында көйгөйлүү маселелер болсо керек…

– Жай айларында жергиликтүү бийлик менен биргеликте облусту айланып кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрдүк. Ал кезде Ысык-Көл облусунда Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев эле. Ал дагы биз менен жолугушууларда чогуу болду. Эл арасында негизги көйгөйлөр бул – бала-бакчалардын,мектептердин жетишсиздиги жана таза суу тартыштыгы.

Мындан  сырткары  күн  сууктагандан тартып, көмүрдүн баасы жогорулап, жергиликтүү эл кыйналганын айтышты. Кара-Кечеден көмүр ташыган ишканалар көмүрдү ташуудагы  жол  чыгымын  кошо эсептеп,  баасын  кескин  көтөрүп жиберген учурлар бар. Айтылган бардык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жергиликтүү бийлик менен кайсы багытта, кайсы тармак менен иш алып баруу керектигин тактап, иш мерчемдерин түздүк. Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында таза суу көйгөйү бар, суу түтүктөрү эскирген. Райондун борбору болгондуктан союз кезинде 1960-жылдардагы курулган суу түтүктөрү жараксыз абалга келген.

Мындай жагдайдан чыгуу үчүн Европалык өнүктүрүү банкынан 86 миллион долларлык кредитти жана келген гранттарды бөлүштүрүүдө, биринчиден,  ошол  айыл  деген макамы  жок,  имараты  эскирген бала-бакчаларга, мектептерге, таза суу жетпеген айыл өкмөттөргө бөлүү керектигин тиешелүү тармактарга  жеткиришибиз  керек. Азыр жергиликтүү башкаруу органдарынын өзүлөрүнүн бюджети  жок.  Эл  арасындагы  мындай көйгөйлөрдү  жоюуда  жалаң  эле Өкмөттү карап отура бербестен, бейөкмөт уюмдардын социалдык багыттагы долбоорлору аркылуу да маселелерди чечип, аймактардын инфраструктурасын жакшыртсак болот.

– Мамлекеттик кызматкерлер ротация болуп жатат. Эмне себептен мындай кадамдарга барып жатабыз?

– Бизде трайбализм маселеси курч. Буга байланыштуу Президент Сооронбай Шарипович ар кайсы аймактагы элди бири-бири менен жакындатуу максатында мамлекеттик кызматкерлерди ротация кылууда. Менимче бул жакшы жөрөлгө. Буга чейин Ысык-Көл облусундагы Өкмөттүн өкүлү азыр Ош облусуна барды. Узарбек Жылкыбаевдин иш тажрыйбасы жетиштүү, иш билги жетекчи. Ысык-Көлдө иштеп тажрыйба топтоп, кайсы маселени кантип чечүүнү билип калды. Андыктан Ош облусунда да ишти алып кете алат деп ойлойм.

–  Парламентте  “ Эйр Кыргызстан”  авиа  компаниясы боюнча маселе көтөрүлдү. Компанияга караган учактардын учурдагы тех-никалык  абалы  талапка жооп береби?

–“Эйр Кыргызстан” авиа компаниясы өзүнүн кызыкчылыгын көздөйбү же каражаты жетишпейби, элди тейлөөдө эл аралык стандартка жооп берген учактарды алып келбей жатат. Жакында Корея өлкөсүнө, Казакстандын аэропортунан “Эйр Астана”авиа компаниясынын “Боинг-776” учагы менен барып келдим. Ал учак акыркы үлгүдөбү, айтор, учканың деле сезилбейт экен. А бизде ички каттамдардагы учактар жерден көтөрүлгөндө же коноордо калдырайт. Жүргүнчүлөр өмүрүн тобокелге салып эле учуп жатышат. Буга чейин ички каттамдагы Ошко учкан учак коркунуч жаратып, экипаждын адискөйлүгүнөн ыңгайлуу жерге  кондурганга  үлгүрүп  калышты.  Ушул  эле  каттам  менен учуп бараткан дагы бир учак Төө-Ашуудан кайра кайрылып келип конду. Мунун баары учактардын техникалык абалы талапка жооп бербегендиктен болуп жатат. Бул компания жакшы учактарды алып келгенге  каражаты  жетишпеген учурда да, адам өмүрүнүн коопсуздугу үчүн эл аралык авиа компаниялар  менен  сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп,  жолун  табыш  керек. Ким эле бизге жакшы учактарды арзан  берсин,  кымбат  учактар-га каражат жок деп отура берсек, эртеңки күнү кырсыкка кабылса кантебиз?

– Кесиптешиңиз мамлекеттик мааракелерге карата  мораторий  жарыялоо керектигин айтты. Бул сунушту колдойсузбу?

– Тойлорго карата мораторий жарыялоо керектиги парламентте көтөрүлдү. Бул сунуш өз убагында болду деп ойлойм. Мына тышкы карызды төлөө мөөнөтү жакындап келатат. Аш-тойлордон деле каражатты үнөмдөсөк болот. Мамлекеттик мааракелердин ар бирине эле 2 миллион сомдон каражат бөлүнөт экен. А бизде бир жылдык тойлорубуздун саны 100дөн ашып кетип жатат. Акыркы мезгилде айыл, район, облус жана шаарлардын мааракелерин өкмөттүн деңгээлинде кайра-кайра марафон өткөрүп, той бергендер көбөйүп кетти. Муну мен каражатты ысырапкорчулук менен пайдалануу деп ойлойм. Андыктан облустук же райондук деңгээлде өткөрүлө турган мамлекеттик тойлорго чектөө коюп, ар бир 10 жыл сайын  белгилебестен  ушундай иш-чараны 100 жылдыктан жогору ар 50 жыл сайын(мисалы:100, 150, 200 жылдык) белгилесе туура болчудай. Ал эми Чыңгыз Айтматовдун  90  жылдыгы  сыяктуу мааракелерди өткөрүүдө да жылкы союп, дасторкон жайып чачыла бербей, иш-чаранын белгилөө форматын өзгөртүп, башка нукка буруп, илимий симпозиумдарды, конференция, семинарларды уюштуруп, китептерди чыгарууга басым жасасак.