Жалал-Абад шаарында мектепти 1421 бүтүрүүчү аяктады

Жалал-Абад шаарындагы 22 мектепти быйылкы жылы 1421 окуучу бүткөрүп, турмуш жолуна аттанышты. Аларга шаар жетекчилери ак жол каалашты. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.

Жалал-Абад шаарынын милдетин аткаруучу Турдалы Темрбаев Жалал-Абад шаарындагы №9 Р. Санатбаев атындагы инновациялык мектеп-гимназиясында болуп, бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамдары менен куттуктады. Үстүбүздөгү окуу жылында аталган мектептен жалпысынан 1400 окуучуга сексен мугалим билим берген. Ал эми он биринчи классты 42 окуучу аяктап жатышат.

Ушундай эле салтанаттуу иш-чаралар шаардагы бардык мектептерде өткөрүлдү. Атай кетсек, Жалал-Абад шаарындагы №21 Жолболду Болотов атындагы орто мектебине Жалал-Абад шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Айзат Раматиллаева барып, бүтүрүүчүлөрдү бүгүнкү майрамы менен куттуктады.

Андан сырткары, шаардагы №4 мепктеп-гимназиясында Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри Бакыт Байтиков болуп, бүтүрүүчүлөргө ак жол каалады.

Эскерте кетсек, быйылкы жылы Жалал-Абад шаарында 11-классты 659 окуучу, ал эми 9-классты 1421 окуучу бүтүрүп жатышат.