Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары:  Кирешелүү иштеп жатса, анда аны сатууга неге ашыгабыз?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Мурдагы президенттин командасы “Мегаком” компаниясын убагында сата албай калышканына абдан кейип, эми анын баасы түшүп кетерин айткан. Алар тапкан сатып алуучулар чехиялык Лигласс сыяктуу күмөндүү адамдар экени да маалым болгон.

Эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Ренат Тулөбердиев компания кирешелүү экенин, кирешелүүлүгү боюнча мамлекеттик компаниялардын арасынан “Манас” эл аралык аэропортунан кийин эле турарын билдирди. Мына ошондон улам, аны сатып алууга же анын сатылышында ортомчу болуп пайда табууну көздөгөндөрдүн кызыкчылыгы эле болбосо, “Мегакомду” сатуунун кажети канчалык? Бул сүт берип жаткан саан уйду сатып жибергендей эмеспи?