Оренбургда Эшенаалы Арабаевдин ысымы мемориалдык тактага жазылды

Кыргыздардын Россия менен болгон байланышы Оренбург шаары менен тыгыз байланышта болгон. ХIХ кылымдын ортосунан тартып улуу орус эли менен кол сунушкандан баштап кыргыз элинин элчилери, Кыдыр Байсары уулу сыяктуу кадырлуу адамдары Санкт-Петербургга сапарларында мына ушул Оренбург шаары аркылуу өткөн. Андан кийин ХХ кылымдын башында караңгы элинин сабатын ачам деп чоң билимге умтулган кыргыз элинин туңгуч агартуучусу Эшенаалы Арабаев 1908-жылы Оренбургдагы «Хусаиния» медресесинен окуп, кийин Уфадагы медресе-Галиядан окуусун улаган. Октябрь революциясынан соң, Совет бийлигинин тап душманы катары кыргыз элине таасирлүү 44 бай-манапты кулак катары ушул 1929-жылы Оренбург шаарына сүргүнгө айдашкан. Кыргыз интеллигенциясынын алдыңкы өкүлдөрүнүн бири Жусуп Абдрахмановдун акыркы күндөрү дал ушул Оренбург шаарында өткөн. Улуу Ата мекендик согушта эбегейсиз эрдик көрсөткөн Советтер Союзунун Баатыры Ысмайыл Таранчиев да ушул Оренбург шаарындагы учкучтар окуу жайынан окуган.

Кыргыздын  алгачкы  агартуучуларынын  бири  –  Эшенаалы  Арабаевдин  КР  Борбордук  мамлекеттик коомдук-саясый документтер архивинде сакталып турган, өз колу менен жазылган өмүр таржымалында Оренбургдагы медреседе окугандыгы айтылган. Ал жаштайынан эле билим алууга далалаттанып, алгач Караколдогу жаңы усулдагы мектепке келип кирген. Ал жерден жөндөмдүү уланды байкаган мугалими Заир Таиров Эшенаалы Арабаевге окуусун Россиядагы мусулман медресесинен улантууга кеңеш берген. Ал Оренбург шаарына келип, медресеге кирүүгө аракет кылган, бирок, тилекке каршы кабыл алынган эмес. Демек, ошол мезгилде, башкача айтканда ХХ кылымдын баш ченинде медресе “Хусаиниянын” атагы алыскы аймактарга чейин жеткен. Окууга кире албай калган Э.Арабаев Түркияга барып, гимназиянын үчүнчү классына ка-был алынган. Ал жерде революциялык маанидеги гезиттерди окугандыгы үчүн көзөмөлгө алынып, анын өз сөзү боюнча, “буга чыдай албаган” Эшенаалы Арабаев кайрадан Оренбургга келип, ал жер-ден “Хусаиния” медресесине (1908-жылы) келип кирген.

Бул  жерде  окуган  күндөрү  тууралуу 1912-жылы “Айкап” журналына “Оренбургдан Ташкентке чейин” аттуу алгачкы макаласын жарыялайт. Анда “Медресе Кусаиния” адамга заманга ылайык билим бере турган бир медресе. Мында Бухарадан он, жыйырма жылдай окуп жүрүп, ала албаган илимден артык билим алышат. Жана орус гимназиясы сыяктуу орто мектептерде окуган бир катар илимдер мында окутулат. Биздикилер туземная школадан 7-8 жыл окуган балдар сыяктуу орусча билим алып чыгат”.

Бир жылдан кийин ал Уфа шаарындагы “Галия” медресесине окууга өткөн. Ал жерден өзү менен чогуу окуган казак Х.Сарсекеев менен бирдикте 1911-жылы Уфадагы “Товарищество Каримова, Хусаинова” деген басмаканадан “Алифба йаки төтө окуу” деген китепти басып чыгарган. Ага удаа эле 1912-жылы “Жазуу өрнөктөрү” деген китепчеси Оренбург шаарындагы “Вахит” басмаканасынан жарык көрөт. Бул окуу китебинин жарык көрүшү кыргыз элинин тарыхый маданий эстелиги катарында мааниси чоң болуп, эне тилине жакындаштырылып жазылган эң алгачкы окуу китеби катары тарых барактарында калды.

Э.Арабаев падышалык Россиянын тушунда Оренбург шаарында билим алып, китеп чыгарса, убактылуу Өкмөттүн тушунда 1917-жылдын 21-26-июлунда Оренбургда өткөн биринчи жалпы казак съездине катышкан. Кыргыз ишмерлеринен Э.Арабаев, Д. Сооронбаев, А. Сыдыков жана Т. Кудайбергенов съездде кабыл алынган талаптар кыргыз калкынын талабы менен үндөшүп жатканын белгилеген.

Андан  соң  Кеңеш  бийлиги  орногон 1917-жылдын 5-13-декабрында Оренбург шаарында өткөн экинчи жалпы казак съездине Урал, Торгой, Акмоло, Семей, Сырдарыя, Самаркан облустары жана Ички ордо-дон катышкан 80ге жакын депутаттардын катарында кыргыздардын коомдук-саясый ишмерлери Э. Арабаев менен Ж. Солтоноев болгон. Делегаттардын ичинде Олуяатадагы Казак-кыргыз кеңешинин төрагасы А.Кенесарин жана кыргыздардын “Букара” демократиялык союзунун катчысы Ж.Оторбаевдер болушкан.

Экинчи жалпы казак съездинин күн тартибине коюлган маселелерди талкуулоого Э.Арабаев да катышкан. Ал Алаш-ордо өкмөтүнүн демилгесин колдоп, Алаш автономиясын жарыялоону колдошкон казактарга кошулуп, добуш берген. Ал автономияны жарыялоодо “…Арабыздагы жат элдер менен сүйлөшөөрдөн мур-да өз милициябызды уюштуруп алуу керек”  деген  депутаттардын  катарында турган.

Ошондой  эле  Эшенаалы  Арабаев 1924-жылы июнь айында Оренбург шаарында өткөн казак, кыргыз илимпоздорунун туңгуч съездине Түркстан АССРинин Эл агартуу комиссариатынын атынан делегат болуп катышып, съезддин президиуму-на шайланат. Бул съездде ал А.Бөкейханов, А.Байтурсунов, М. Дулатов жана башкалар менен казак-кыргыз тамгасын, илимий иштердеги көйгөйлүү маселелерди биргелешип карашкан. Мына ошол съезд жабылар алдында ал сүйлөгөн сөзүндө мындай деген:

«Съезддин кароосуна тапшырылган маселелердин баары каралып бүттү. Бул съезд казак, кыргыз калкынын мурда каралбаган илим маселелерин жаңыдан колго алган казак, кыргыз илимпоздорунун жаңыдан баш кошкон туңгуч съезди болду. Съезддин мааниси терең, максаты артыкча. Съезд негизги маселелерди чечти. Элдин келечегине жол салды. Казак-кыргыз калкы караңгы наадандыктан бошонуп, маданият жолуна түшкөнүн көрсөттү. Мындай болгондугунун негизги себеби – Октябрь революциясы, элдин турмушуна кандай өзгөрүш киргизсе, илим, адабият жүзүндө да ошондой өзгөрүш жасады. Биздин бул съездде иштеп отурган ишибиз да ошол революциянын бир жемиши. Коммунисттер партиясы башчылык кылган Совет өкмөтү револю-циялык доорду башынан өткөзүп, илим, адабият ишин эми гана колго алып отурат. Биз бүгүн көзүбүз менен көрүп сүйүнүп, колубуз менен иштеп отурган ишибиз – ошол аз гана убакыттын ичиндеги иштин жемиши. Казак, кыргыз калкынын уйкусу ачылып, маданият жолунда илгери баруу үчүн мындан ары бардык күчүбүздү совет өкмөтү жүктөгөн ишке чегүүбүз керек. Совет өкмөтүнө чын дилибиз менен тилектеш болуп, кылчаюсуз ишке киришүүбүз керек. Жашасын Совет өкмөтү! Жашасын жол башчыбыз Лениндин салып кеткен жолу!».

Оренбург облустук мамлекеттик архивинде биз Эшенаалы Арабаевдин Оренбург шаарында беш жолу болгондугун тактай алдык. Оренбург шаары менен тагдыры тыгыз байланышкан Э.Арабаевди урматтоо жана даңктоо максатында, ал жерде эмгектенип жатышкан мекендештерибиз – «Мекендеш» кыргыз диаспорасынын жетекчиси, Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Оренбург шаарындагы консулу Жандар уулу Таалай Эшенаалы Арабаевдин мемориалдык тактасын Оренбург шаарындагы «Медресе-Хусаиниянын» имаратына коюу тууралуу аракеттенип, Оренбург облусунун бийлик башындагыларга кайрылып, эки жыл чуркап жүрүп, бир нече жерден уруксат кагазын алуу менен быйыл 29-майда ишке ашырды.

Оренбург облусунун жетекчилиги кыр-гыздардын  өтүнүчүн  канааттандырып, Эшенаалы Арабаевдин мемориалдык тактасын орнотууга уруксат берип, иш-чара быйылкы  жылдын  29-майында  Оренбург шаарында өзгөчө митинг-реквием менен ачылды. Тактачаны коюу, эскерүү иш чарасына Кыргызстандан СССРдин эл артисти, кинорежиссер Болот Шамшиев, Кыргызстан эли ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытов, ошол кездеги Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы атайын ыйгарым өкүлү Узарбек Жылкыбаев, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун бөлүм башчысы Айида Кубатова, И.Арабаев атындагы КМУнун доценти Жумагул Байдилдеев ж.б катыштык.

Бул имаратка аталган окуу жайдан окуган татар акыны Муса Жалилдин ж.б агартуучулардын мемориалдык тактачалары дагы коюлган, алардын катарына кыргыздын көрүнүктүү агартуучусу Э.Арабаевдин кошулушу Оренбург шаарында жашап жана иштеп жаткан мекендештерибиз үчүн чоң сыймык болгондугун алар өз сөздөрүндө кубануу менен баса белгилештиОренбург облусунун губернаторунун бардык орун басарларынын катышкан тактачаны коюу иш-чарасынын «Историко-культурные связи в прошлом и настоящем между народами Российской Федерации и Кыргызской Республики» аталышындагы Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган эл аралык конференция менен уланышы Россия менен Кыргызстандын достук жана шериктештик мамилесинин бекемдигин далилдеди. Бул иштердин башында туруп, эки элдин ортосуна көпүрөлүк ишти кылып уюштурган мекенчил инсан Жандар уулу Таалай чоң алкоого арзыйт.

Россиянын шаарларынан билимин жогорулаткан Э.Арабаевдин алгачкы алиппени жазган агартуучулугунан баштап кыргыз улуттук илимин түптөөдөгү сиңирген эмгеги анын көп кырдуу жана заманынын ар тараптуу өнүккөн инсаны болгондугун тастыктайт. Бирок мындай ишмердүүлүгү аягына чыкпай Сталиндик репрессияга тушугуп 1933-жылы «эл душманы» катары Ташкенттин түрмөсүндө көз жумган. 1958-жылы акталган.

1992-жылы кыргыз элинин алгачкы агартуучусу жана мамлекеттик ишмери Эшенаалы Арабаевдин ысымы Кыргыз Мамлекеттик педагогикалык университетине ыйгарылган. 2005-жылдан тартып И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университети деп аталат. Бүгүнкү күндө аталган окуу жайдын ректору, тарых  илимдеринин  доктору,  профессор Т.А.Абдырахмановдун иштиктүү демилгеси менен Оренбург Мамлекеттик университети жана Оренбург шаарындагы жогорку окуу жайлар менен илимий-кызматташтык байланыштарын түзүүгө келишимдерге кол коюшту. Бул келишимдин негизинде Оренбург шаарындагы жогорку окуу жайларга кыргыздын улан-кыздары бюджеттик негизде окушмакчы. Бул жерден билим алышкан кыргыздын улан-кыздарынан ХХI кылымдын Эшенаалы Арабаевдери чыгаарына шек жок.

Жумагул БАЙДИЛДЕЕВ, тарых илимдеринин кандидаты, доцент архивтаануучу