Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары:  Биздикилер аралашпаса, кытайлыктардын “акылы жетмек” эмес

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ырынан чыры көп, 2016-жылы эле бүтөт деген Балыкчы — Корумду автомобиль жолу боюнча дагы бир кылмыш иши козголду.

Ишти козгогон Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Транспорт жана жолдор министрлигинин Жол чарба департаментинин кызматкерлери жолду куруп жаткан кытайлык «Лонг Хай» компаниясына жол конструкцияларын курууда сульфатка туруктуу цементтин ордуна кадимки цементти колдонууга уруксат беришкен. А баасын мурдагы боюнча калтырышкан.

Мына ошондуктан сырттан келген инвесторлорго айып тагуудан мурда өзүбүздүн чиновниктерибизди мыйзамды сыйлоого үйрөткөнүбүз жөндүү болмок.