Маданият министри Султан Жумагулов мезгилсиз дүйнө салды

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов узакка созулган оорудан улам көз жумду. Аталган маалыматты тиешелүү ведомстводон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов онкологиялык оору менен жабыркап, бир канча жолу Түркиядан операция жасатып келген. Ал 59 жашта болчу.

«Кыргыз Туусу» гезитинин эмгек жамааты маркумдун үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.