Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары:  Орун басар кол алдындагы маалыматтарды караса болмок

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Лунара Мамытова пенсионерлер пенсиясын үнөмдөсө, чет өлкөгө бара аларын айтып “жылдыз” болду.

Албетте, жогорку мамлекеттик кызматтарда, укук коргоо жана бажы тармагында жетекчилик кызматтарда иштешкендердин пенсиялары “саякаттаганга” жетиши мүмкүн. Ошол эле учурда балдары жардам бербесе, көпчүлүк пенсионерлердин алганы айдан-айга жашоого зорго жетери элге маалым.

Билбейм, бирок бизнеси жоктордун орун басарлык эмгек акыга чет өлкөгө чыгуусу мүмкүн эмес болсо керек. Ошондон улам андайлардын көбү чакыруунун эсебинен барып жатышпайбы,

Мына ошондон улам, министр болобу,орун басар болобу, анын ишин баалоонун бир критерийи катары илгеркидей милдеттүү түрдө элди кыдырып, жөнөкөй адамдардын жашоосу менен таанышуусу практикасын кайрадан киргизүү зарылдыр? Ошондо орун басар айымда кайсы пенсионер пенсиясына ал сыяктуу чет өлкөгө чыга ала тургандыгы боюнча так маалымат болмок.