Өзүбүз берип жатсак, алышат да…

Кыргызстанда толук рыноктук мамилеге кире албай жаткан билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармагы. Өткөндө мектепте 1-класска кабыл алуу боюнча неберелердин конкурсубу же экзамениби, өттү. Ошо кабыл алуу конкурстан ийгиликтүү өткөн соң, “кирүү төлөмүн” төлөп, мектепке киргиздик. Адамдарды коррупцияга ким үйрөтүп жатат? Көрсө, өзүбүз үйрөтөт турбайбызбы. Анда бийлик башындагыларды эмне үчүн коррупцияга каршы күрөшпөйсүңөр деп күнөөлөйбүз? Өзүбүз берип жатсак алышат да, алар эмне көп маяна алып, жыргап жатат дейсиңби? Кыскасы бу эки тармакта акыбал азыр ушундай. Муну баарыбыз билебиз.

Дин маданияты боюнча ой-толгоолор

Дин маданияты да билим берүүнүн бир түрү, а да коомдук аң-сезимди өзгөртөт  дешет.  Кантип,  кайсы  багытта өзгөртөт, адамдардын пикирлерине сереп салалычы. Коомдо бу көрүнүшкө төмөнкүдөй түркүн кайчы көз караштар бар. Мисалы, би-ринчи көз караштагылар: эл арасында мек-тепке караганда мечиттердин саны көбөйүп баратат. Мечит көбөйгөн сайын адамдардын, өзгөчө жаштардын ыймандуулугу өнүгөт, адамдар адеп-ахлактык сапаттарга ээ болушат – деген пикирди айтышат.

Экинчилери: туура, дин маданиятынын өзгөчө жаштар үчүн жакшы жактары бар. Дин маданияты жаштарыбыздын жүрүм-турумун өзгөртөт: тил алчаак, улуу-кичүүгө салам айтып урматташат, адамдарга кол кабыш кылышат, сабырдуу, абийирдүү, адеп-ахлак маданиятына сугарылып, калыптанышат дешет. Ал эмес, жаштар ата-энелерине да тарбия берип таасирин тийгизишерин белгилешет. Мисалы, апасына: “Узун кийиңиз, бетиңизди жаппасаңыз да жоолукту түшүрө салыныңыз, антип көчөгө чыкпасаңыз сиз үчүн мен уялам”, – деген кептерди узатат.

Атасына: “Ичкилик ичпеңиз, дайыма келме келтирип, колуңузга тесмени кармап Алладан кечирим сурап жүрүңүз, беш маал намаз окубасаңыз да, жума намазга милдеттүү түрдө барыңыз”, – деген насыяттарды айта башташат экен.

Бул пикирдин бир тарабы жакшы. Экинчи тарабы алар дин маданиятынын, идеологиясынын түпкү маңызына түшүнүшөбү?

Менимче алар дин идеологиясынын маңызы кайсы тарапка жетелеп баратканын биле алышпайт. Анткени, ислам дини кеңири масштабда альтернативдүү ойлонууга мүмкүнчүлүк  бербейт.  Бир  гана  Курандын сүрөөлөрүн, аяттарын, Пайгамбардын хадистерин, милдет, эреже катары сактоону сунушташат, таңуулашат. Анан ал жаштарыбыз имамдардын көрсөтмөлөрүн ойлонбой аткарышып, кайчы пикирге ээ эмес, өз алдынча эркин ой жүгүртүү суверендүүлүгүнөн четте калышты. Аягында көрсөтмө менен жашап, бир гана аткаруучулук милдетти аткарышат. Бизге маалым болгондой Афганистан, Сирияга чейин чыгышат. Акырында, диний фанатизмге берилип, жан кечтиликке чейин өсүп жетилиши мүмкүн экенин турмуш көрсөттү.

Үчүнчүлөрү: дин маданиятына, идеологиясына ишенбейт. Четке кагат. Илимий фундаменталдуу билими жетишсиз болгондуктан илимий түшүнүктөрү чектелүү, илимий же диний көз караштары деле жок, илимге, динге да ынанбайт, тааныгысы да келбейт. Одоно айтканда, алар кудай безери адамдар. Төртүнчүлөрү: ортодогу көз карашты карманышат. Илимий билимди түшүнүшөт, баалашат. Дин маданиятын адамзаттын басып өткөн тарыхый жолу, алгачкы руханий маданият, адеп-ахлакты жүрүм-турум эреже-нормаларынын баштоочусу экенине ынанышат. Мезгилге жараша адамдардын башын кошуп башкарууга салым кошкондугуна ыраазы.

Илимге да, дин маданиятына да талдоо, тактоо, чеги менен мамиле жасашат. Дин маданиятынын айрым эрежелерин улуттук каада-салт катары пайдаланышат. Тигиге да, буга да сокур ишенүүдөн алыс. Дин эреже, нормаларын турмушка киргизүүгө кайдигер. Реалдуу турмуш, адамкерчиликти колдошот. Дин менен мамлекеттин ортосунда мамлекеттик стратегиялык багыттар, чектер аныкталган эмес, дин мамлекеттен ажыратылган дешет. Коомдо так, дин маданияты боюнча илимий негиздүү концепция, тыянактар жок, диний агымдар көбөйүп баш аламандык өкүм сүрүп жатканын белгилешет.

Бул кырдаалга улуу муун, билим берүү тармагы күнөөлүү. Анткени жаштарыбызга көп кырдуу маалымат берип, аны талдоого жол ачып бере алган жок. Мамлекет башчылары да ортоңку позицияны карманат. Ошол ортоңку позиция жакшы эмес. Мектептеги илимдин философиясын калыптандырчу табигый предметтер көз караштарды жаратарын түшүнүдүрө албай жатканына наалышат. Эми мамлекетибиз ушул төрт пикирдин ичиндеги каймакты калпып, маңызды тандап алса болбойбу?

Статустук мектептер: кереги барбы?

Азыркы мезгилде ушул суроо коомчулукта жаралып жатат. Менимче, статустук мектептер керек. Анткени, бул, биринчиден, мезгил талабы: билим сапатын жогорулатууда атаандаштык, билим берүүгө көп кырдуу мамиле, мамлекеттик стандарттын негизинде мектептин стратегиялык багытына, максаттарына план, программаларына ылайык иш жүргүзүлөт. Эң негизгиси мамлекет тарбынан статустук мектептерге талапты, мамилени, камкордукту өзгөртүү керек . Антпесе мугалимдин билим берүүгө болгон кызыкчылыгы азайып, мектеп статустук жүзүн жоготуп баратканы да чын.

Өлкөбүздө эмгекчил, билимдүү адамды сыйлоо, баалоо экинчи орунга жылдырылды. Мугалимдин коомдо имиджи төмөндөдү. Мамлекет мугалимди моралдык-материалдык жактан  талаптагыдай  колдой  албай  жатат. Эгерде мамлекет биринчи колдобосо, коомчулук ого бетер колдобойт. Жалгыз “Эл мугалими” деген наамды да алып коюшту, айлык акысы, аброю күн санап төмөндөп барат. Ушул жана башка себептерден улам мектептерде кризистик кырдаал жаралды. Мугалимдер да билим берүүгө салкын мамиле жасай башташты. Анткени коомдо ошондой мыйзам-ченемдүүлүк түзүлдү. Бул кырдаалдын өнүгүшү билим берүүгө кайдыгерликти жаратып жатат.

Айлыкка коомдогу көз караш

Өткөн июнь айларында, билим берүү жана  илим  министрин  Жогорку Кеңештин отурумуна чакырышып бир депутат: “Жаш мугалимдин орточо айлык-маянасы канча?” – деп суроо берип жатат. А министр алгач: “13000 сом болуш керек”, – деп алып, кайра: “Сизге дагы тактап анан жазуу жүзүндө жооп берейинчи”, – деп кутулду.

Албетте, министр билет, а бирок алардын 5-7 миң сом маяналарын эл-журттун алдында айтуудан уялып жатат. Депутаттарга төмөнкүнү айткым келет. Билсеңиздер, министр күнөөнү өз мойнуна алып, Жогорку Кеңешти, Өкмөттү, Финансы министрлигин чокко түртүп, элге суук көрсөтпөй коргоп жатат. Качантан бери айлык акыны көбөйтүү министрдин колунда эле? Же министр маянаны өз алдынча чече алабы? Жаш мугалимдин орточо маянасы канча деген суроону тескерисинче министр, эл мугалимдери сиздерге бериши керек болчу.

Депутаттар эмне, бу акыбалды билишпейби же аларга билим берүүнүн тиешеси жокпу? Бул суроонун теги бийлик менен мугалимдин ортосуна от жагуу. Көкүрөктү керип, элге жалган жагынуу, популизм. Депутаттар министрди жарга такоонун ордуна: чын дилден жаштарга, мугалимдерге, коомго жакшылык кааласа, министр менен кеңешип, кантип маянаны көтөрсөк болот? Мамлекеттин акыбалы болсо бул биргелешип чечели, сиз-дерде кандай сунуштар бар деген маселени койбойбу.

Албетте, депутаттарга акыл үйрөтүүдөн алысмын. Бирок бул суроо ошол жагдайды жаратып жатпайбы. Мисал катары айтсак, мен билгенден МЖӨ (мамлекеттик, жеке өнөктөштүк) боюнча ЖКнын 2016-жылы токтому чыккан. Парламентарийлер ушул токтомдогу өнөктөштүк боюнча идеяларды  пайдаланышып,  билим  берүү  тармагында  маянаны  кантип  көтөрсө  болору жөнүндө сунушун айтышпайбы, же ушул эле темада талкуу уюштурушуп, ийри отуруп түз кеңешүүгө чакырышпайбы. Жалаң эле көзөмөлдөй бербей, өнүгүүнүн жолдорун, багытты көрсөтүшпөйбү. Долбоорлорго конкурс жарыялашпайбы. Жаратмандык ой-идеяларды таштабайбы.

Же өмүр бою бири-бирибизге тийишип, күн өткөрөбүзбү? Мен, албетте, бул макалада бир жактуу эле министрликти жактагым келген жок. Бирок, кеп чындыгы ушундай болуп жатпайбы…

Дүйшөн СУЛТАНКУЛОВ, Бишкек шары

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *