Унутта калган Эшмамбет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Башталышы бул жерде

Чындыгында, Токтогул менен Эшмамбеттин устат-шакирттиги өтө прин-ципиалдуу деле маселе эмес. Эшмамбетти Токтогулдун шакирти дегенден, алтын жаак, жез таңдай акындын акындык кадыр-баркына шек кетип калбайт. Тоо булбулу Токтогулду андан бир-эки жаш кичүү акындардын кимиси болбосун, “Токтогул менин устатым бол-гон” деп айтса жарашат. Ошентсе да, тактоо үчүн айтып кете турган нерсе, «Эшмамбет Токтогулга жолуккан күндөн баштап экөө ар дайым элди аралап ырдашып, бирине-бири эш болуп, ага-ини, кыйышпас адамдар катары ысык мамиледе калышкан» (адабиятчы А.Обозканов), эң башкысы эки акын бирге жүрүп, көбүн эсе алым сабак айтып ырда-шып, бири-бирин сүрөп, бири-бирин толуктап ырдаган ырчылардан болушкан. Эгер, ойдун ушул өңүтүнөн алсак, Токтогул менен Эшмамбеттин устат-шакирттик мамилесине караганда, курбалдаштык, жолдошчулук мамиле көбүрөөк туюлат. Демек, мындан ары Токтогул менен Эшмамбетти курбал-даш, үзөңгүлөш деп айта жүргөнүбүз туура сындуу сезилет.

Ошентип, эки акындын өз ара мамилесине тактоо киргизип, акыйкат кепти тактап алгандай болдук. Эми “эки акынды бири-бирине жипсиз байлап, бири-бирине тартып турган эмине?” деген суроону чечмелеп көрөлү. Биздин оюбузча, ал мамиле экөөнүн балалык жашоосундагы окшоштуктар: башынан өткөн кыйынчылыктар, экөө да жаш кезинен мээнетке жакын болушкандыгы, байларга жал-данып, козу-коюн багып, азап тарткандыгы болсо, акын катары дүйнөгө, жашоого болгон көз караштарынын жакындыгы, адилетсиздикти көрүп туруп, көз жумуп тура албай, бетке чапкандай чындыкты айткандыктары, турмуштук позициялары.

Тоо булбулу Токтогул “Каардуу тагдыр-дын каргысын тагынып, катаал турмуштун кишенине чалынып жүрүп, бала чагы жокчу-лук менен өткөн. Залим бийлик заардуу уусун чачып, бай-манап каалагандай калчаган заманда, жаш таланттын эркиндикке болгон эңсөөсү көмөкөйдөн ыр болуп төгүлүп, комуз-дун кылдары менен муңдуу күүлөр жаралган.

“Жокчулуктун айынан”, “Жүргөнүм кабак жер болду” – деген чыгармалары буга даана мисал болуп бере алат” (Токтогул 1-том). Эшмамбеттин балалыгы Токтогулдун балалыгынан оор болсо, оор болгон, асти жеңил болгон эмес. Эшмамбеттин өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу алгачкылардан болуп кеңири сөз кылган адабиятчы С.Байходжоев: “Атасы ар кимге жалданып, үй-бүлөсүн баккан жарды адам болгон. Чоң атасы Ардан баштап Копажы өңдүү байлардын оту менен кирип, гүлү менен чыгып тиричилигин өткөргөн. Эшмамбет да боорун жерден алгандан баштап, Копажынын коюн кайтарып, отунун алып жанын багат. Он бир жылы анда малай жүрөт. «Көтөрүп уруп тепкилеп, турмуштун көргөзгөнү көп болду» деп акын өзү каңырыгы түтөй эскерт-кендей, бай колунда жүрүп көп запкыларды, ызаларды көрөт. Акыры Копажынын кандуу таягына, уулуу сөзүнө, адамгерчиликсиз мамилелерине чыдай албай 1887-жылдары, 17 жашында Кетмен-Төбөгө эл-жерин таштап качып кетет”, – деп жазат. Эшмамбеттин жети атасынан тартып жалчылык менен күн көрүп, көрүнгөн байдын эшигинде турмушун өткөрүп келишкенин, өз атасы Байсейит, чоң атасы Ардан баарысы Копажы байдын талаа-да малын, үйдө кызматын кылып күн көрүп жүрүшкөнүн баса белгилеген адабиятчы Садык Алахан да Эшмамбет Копажынын заар сөзүнө, уулуу таягына чыдабай 16-17 жашын-да байдын үйүнөн качып чыкканын айтат.

Адабиятчы А.Обозканов: “Атасы түбүнөн бери жарды-жармач адамдар болгондуктан, Эшмамбет да эртелеп эле шорго малынып, азаптын түрүн көргөн экен. Малын багып жүрүп акы албай, кайра карызы күчөп эки тай болуп, байдын мынчалык кордогонуна чыдабай, Кетмен-Төбөдөгү таякелерин беттеп качып кетет” деп, өзүнөн улуу адабиятчыларга белгилүү маалыматты айтканы ме-нен, канча жашында Кетмен-Төбөгө качып кеткенин жазган эмес. Жыйноочу Тургуналы Жолоев Эшмамбет 8 жашынан Копажынын козусун кайтарып, отунун ташып жүргөнүн айта келип, 1876-жылдары Беш-Таштагы Терек ашуусун ашып, Кетмен-Төбөгө качкан деген маалымат берет. Сөздүн кыскасы, Эш-мамбет Копажыга жерден боорун көтөрүп, кол аякка жарап калгандан малай болгону анык. Демек, Токтогул менен Эшмамбеттин балалык тагдыры окшош болгон, мүмкүн ушул оор тагдыр да экөөнүн бири-бири ме-нен ынак болгонуна өз таасирин тийгизген чыгар.

Биерде тактап кетчү нерсе, Эшмамбетти малай жумшаган Копажынын өз ысымы. Бизге белгилүү бардык адабий булактарда бул адамдын ысымы Копажы деп берилет. Арийне, Копажыга уланган “ажы” деген мүчө бул кишинин ажылыкка барганын билдирет. Ал эми сөздүн уңгусу – Коп(о) эч кан-дай маани бербейт. Сыягы, байдын ысымы адабиятчылар тарабынан такталбай калган өңдөнөт. Мүмкүн анын ысымы Копо чыгар. Копонун ысымына анын ажылыкка барып келгенин билдирген сөздү кошуп айтканда, тилдин үндөштүк мыйзамына ылайык, Копажы делип айтылып калгандыр. Эми бул деле өтө маанилүү эмес. Биздин айталы де-генибиз, бала Токтогул:

“Таманым ташка тилинди,
Тарлык заман билинди.
Денеңден кетсе ысык жан
Өлгөндөр кайдан тирилди?
Жокчулукту байкадым,
Жоодурап көзүм жайнадың.
Колумда малым жогунан
Ичимден бышып кайнадым.
Атам байкуш алсырап,
Ичимен сызам кансырап,
Жабырды тартпай не кылам,
Кимге  барам  мал  сурап?”  (Токтогул.

“Жүргөнүм кабак жер болду”), – деп Кетмен-Төбөдө таттуусунан ачуусу көп балалыктын оор күндөрүн башынан кечирсе, бала Эшмамбет:

“Кедей болуп темтеңдеп,
Кейишти тартып келтек жеп,
Каргадай чактан байлардын,
Кайтардым коюн электеп.
Кедейлик жугуп маңдайга,
Кейигем далай андайда.
Кумарым тарап ырдасам,
Кубанчым болгон таңдайда.
Малай жүрдүм акым жок,
Бир тыйындык баркым жок.
Үч жылы ооруп чыдабай,
Үшкүрдүм басар чактым жок.
Кетирди кубат, алымды,
Көрбөдүм баккан малымды.
Бактымды күтүп тобокел,
Байлаган жипке жанымды».

(Эшмамбет. “ТАМАНЫМ ДАЛАЙ ТИЛИНГЕН”) деп ырдап, Таласта Копо ажыга малай жүрүп, балалык күндөрүн өткөрөт.

Таманы ташка тилинип, бирде ачка, бирде ток, эртеден кечке кой артында, байдын кагуусун жеп, көзүн караган оор турмуш болочок залкар таланттардын эркин мокотуп, акылын майтара алган эмес. Тескерисинче, алардын балалык кезде көргөн кыйынчылыктар таттуусунан ачуусу, бактысынан азабы көп, оомалуу-төкмөлүү, бири кем дүйнөгө, бири күлсө миңи ыйлаган жашоого болгон майтарылбас ишенимди курчуткан, адилеттикке умтулган, акыйкаттыкты, адилеттикти жарлаган көз карашты, чыркыраган чындыкты бетке айтып ырдаган эркти, турмуштук өжөр позицияны калыптандырган. Эки акындын санат-насыяттарындагы, алым сабак ырларындагы тирүүлүк, жашоо, эл алдындагы адамдык парыз, жигиттик ар-намыс, адамдын дүйнө өмүрдөгү орду, анан да бири кем дүйнөнүн адилетсиздиги, жакшы адамдар кор болуп, жаман адамдар зор болуп, акты кара тебе-леп, жакшылыкка жамандык көлөкө түшүрүп, анын натыйжасында адам баласы азап тартып келатканы жаап-жашырбастан ырга кошкондугу алардын көз карашындагы, турмуштук позициясындагы окшоштуктардан кабарлап турат. Бул өзгөчө алардын эшен-калпаларга карата ырдаган ырларынан көрүнөт.

Токтогул:

Туш-туш жакта күрпүлдөп,
Дубаналар ыйлаган,
Айгыр, кочкор мал берип,
“Ата эшен” деп сыйлаган,
Аркасында калпалар
Бекерге жанын кыйнаган.
Акыреттин карызын
Акылдуу эшен пир ошол
Ушул баштан жыйнаган.

Эшмамбет:

Эркек, аял калбастан,
Ээрчип жүрөт жалпы жан.
Элүү кочкор, кырк айгыр
Айдап келет артынан.
Эл бербей койбойт экен го,
Эшендин көрсө баркынан.
Эл берген дүйнө көп окшойт,
Ээрчисек кантет артынан?

(“ЭШМАМБЕТ МЕНЕН ТОКТОГУЛДУН ЭШЕНГЕ ЫРДАГАНЫ”).

Бул тикенектей ачуу тил менен, какшык-сарказм аралаштырып айтылган алым-сабак аркылуу турмушка сергек караган эки акын караңгы, сабатсыз элдин башын дин менен айланткан эшендерди айыптап, айыбын ачып ашкерелеп жатат.

Унутта калган Эшмамбет: 1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *