Кыргыз спортунда ысымы аңызга айланган калыс Карыпбай Сарымсаков

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»


Кыргызстанды даңаза кылып, кыргыз спортун дүйнөгө тааныткан спортчулардын саны жылдан жылга арбып баратат. Ал эми дүйнөлүк спортко калыс катары таанылган, болгондо да кара кылды как жарган калыстыгы менен өз мезгилинде алдыңкы он калыстын катарына кирип, кыргыз спортуна өлбөс-өчпөс из калтыргандар, замандаштары, кийинки муун тарабынан сый-урмат менен кыргыз спортунун патриархы аталгандар саналуу гана. Ошолордун бири – Карыпбай Сарымсаков.

“…Мындай сейрек таланттын жоктугу өлкөдө барган сайын кадимкидей билинет. Кыргызстанды мындай кой, Советтер Союзу боюнча спорттун эркин күрөш жаатынан үчтүн бири болгон калыс эле. Ал кездеги баардык мелдештерге абийирдүүлүк, ак ниет менен калыстык кылчу. Ошого катар балбандарга дух бергени не керемет эле, далайлаган жоон билек спортсмендерге насаатчы болуп, ар убак жардамын аябады. Ток этери, таланттуу педагог эле. Спортто кадимки Дөлөн Өмүрзаковдон кийинки экинин бири боло турган. Бүгүн кыргыз спорту дал ушул Карыпбай аксакалдай кеп-кеңеш, бийик дух берчү кыраа-ны жоктугунан эл аралык олимпиадаларда аксап келе жаткандай сезиле берет.

Ал  спортто  гана  балбандарга  калыстык  кылбастан, жашоодо да калыс жашап өттү. Ошого катар башкаларды  да  калыстыкка  үндөп  өттү.  Ошонусу  менен көптөргө да үлгү болду. Кыргыз үчүн туулуп, кыргыз үчүн жашады.

Көзү тирүү турганда 2016-жылдын 19-сентябрь күнү 80 жашка чыкмак жана мааракесин биз менен бирге белгилемек. Ал бул күнгө жеткен жок. Биз анын достору, кыргыз спотчулары минтип анын 80 жылдыгына карата жашаган үйүнүн сыртына “бул үйдө Советтер Союзунун эркин күрөш боюнча белгилүү спорт калысы Карыпбай Сарымсаков жашаган” деген такта илип отурабыз. Ушунусуна да каниет” делет мындан эки жыл мурда К.Сарымсаковдун 80  жылдыгына  карата  спортчулардын  жана  спорт  ар-дагерлеринин  атынан  гезиттердин  бирине  берилген эскерүүдө.

К.Сарымсаковдун арабыздан өтүп кеткенине көп болсо да, аны алигиче эскеришет. 2003-жылы 18-февралында, ошонун алдында FILAнын чечими менен экстра-класстагы эл аралык категориядагы калыс аталган Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Кочкорбек Кулматов “МСН” гезитине берген маегинде эл аралык деңгээлдеги калыс болуу үчүн 15 жыл узак жол басканын, Кыргызстан гана эмес, Борбор Азия боюнча эл аралык категориядагы биринчи калыс Карыпбай Сарымсаков ага жол көрсөткөн  устаттардан  болгонун  сыймыктануу  менен айткан.

“Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген ушул. КР эркин күрөш боюнча эл аралык категориядагы биринчи калысы, бир нече жолу СССРдин ондугуна кирген Карыпбай Сарымсаков Талас районунун Көпүрө-Базар айылында төрөлгөн. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт институтун (КМДТИ) бүтүргөн.

1958–1969-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинде (КМУ) окутуучу, улук устат болуп иштеген. Ал эми 1969–1971-жылдары  Фрунзе  шаар  спорт  комитетинин төрагасынын орун басары, КР спорт комитетинин бөлүм башчысы, 1971–1983-жылдары «Спартак» СК төрагасынын орун басары, 1983–1994-жылдары «Колхозчу» СК төрагасы болуп иштеген. Карыпбай Сарымсаков 1963-жылы бүткүл союздук,  1973-жылы  КР  биринчи  эл  аралык  калысы аталган.

1975-жылы СССРдин Минск шаарында өткөн күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионаттын калысы катары катышкан. 1972-1976-жылдары эркин күрөштөн СССРдин эң мыкты он калысынын катарына кирген. Анын кара кылды как жарган калыстыгы тууралуу убагында республикалык жана бүткүлсоюздук мезгилдүү басма сөз беттеринде аябай көп жазылган. Гезитибиздин 1974-жылдагы  сандарын  (6-апрель,

2018-ж. №81(14777)) барактап отуруп, К.Сарымсаков тууралуу баалуу маалымат таап алдык. Анда анын дарегине: “кыргыздын алыскы айлында туулуп-өскөн карапайым жигит Карыпбай Сарымсаковдун судьялык таланты көп адистер-ди, күйөрмандарды суктандырып жүргөнү бекеринен эмес.

Анын бул жөндөмдүүлүгү тээ, 1954-жылы Фрунзедеги физ-культура институтуна кирген учурдан башталган эле. Күндүз теориялык сабактарга катышып, кечкурун күрөштө ма-шыкчу. Ошентип жүрүп шаардын,  «Буревестник»  спорт коомунун  биринчиликтери-не катышып, байгелүү орундарга да жетише алды. Бирок, институтта окуп жүргөндө эле анын  ой-максаты  мелдешти өткөрүүчү судьяларга болгон кызыгуусу арта берди. Анан мелдештерде башкы секретардын жардамчысынын милдетин жана башка иштерди аткарып жүрдү. Өзү элпек, ишти жакшы билген, документтерди так жүргүзө билген жигитке барган сайын судьялардын көңүлү бурулду. Бара-бара эркин жана классикалык күрөш боюнча биринчи категориядагы, анан республикалык категориядагы судья деген жогорку наамга татыктуу болот.

— Минскидеги мелдеш менин эсимен эч качан кетпейт. — дейт ал. — Башкы судья армиянын кызматкери В.Соловьев менен тааныштым. Ал СССРдин күрөш боюнча федерация-сынын президиумунун мүчөсү, союздагы судьялар колле-гиясынын председатели экенин кийин билдим. Мелдеш аяктагандан кийин В.Соловьев мага жылуу пикирин билдирди. Ошол мелдеште мага «эң жакшы» деген баа берилди жана СССР спорт комитетинин грамотасы менен сыйлан-дым. 1963-жылы Бүткүл союздук категориядагы судья деген күбөлүктү алдым. Ошондон бери шаардык мелдештерден тартып, союздук жана эл аралык мелдештерге чейин судьялык кылып келатамын. Ооба. Карыпбай Сарымсаков Москвада СССР элдеринин III—IV—V спартакиадаларынын, Фрунзеде Кыргызстан — Афганстан, Кыргызстан — ГДР команда-ларынын жана Алма-Ата шаарында СССРдин, Түркиянын, Болгариянын, Венгриянын эл аралык мелдештерине да судьялык кылганы анын чеберчилигинин өскөндүгүн, ага болгон ишенимдин чоң экенин далилдеп турат. 1972-жыл-дын жыйынтыгында СССРдеги эң мыкты он судьянын би-ри деп эсептелинген.

— 1973-жыл. Москвадагы Бүткүл дүйнөлүк «Универсиада – 73» эркин жана классикалык күрөш ооюнча судьялык милдеттерди аткарууга Бүткүл дүйнөлүк федерациянын семинары өткөрүлдү. Советтер Союзунан жүзгө жакын судья катышты. Алардын арасында мен да бар элем. Ошондон жыйырмабызды тандап, алардан экзамен алды. Ошентип, ардактуу эң чоң мелдешке судья болууга укук алдым, – дейт К.Сарымсаков.

Үстүбүздөгү жылы 12—17-мартта Каpaганда шаарында эркин күрөш боюнча СССРдин биринчилиги өтүп, СССР спорт комитетинин ага тренери Юрий Стацура аны эл ара-лык категориядагы судья деген ардактуу наам берилгендиги менен куттуктады. Карапайым кыргыз жигитине мындай ардактуу наамдын берилиши Кыргызстандын спортсмендери, тренерлери, судьялары жана алардын күйөрмандары үчүн да чоң сыймык. Анткени, ал эркин жана классикалык күрөш боюнча Орто Азия да жана Кыргызстандын спортунун бардык түрлөрү боюнча эл аралык категория-дагы биринчи судья болуп саналат” деген жылуу сөздөр айтылган.

Андан бери арадан 44 жыл убакыт өткөн экен. Азыр КР эркин күрөш боюнча эл аралык категориядагы биринчи калысы Карыпбай Сарымсаков арабызда жок. Антсе да, анын ысымы кыргыз спортунун тарыхында кала берет.