Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары:  “Ставкалардан” эле көрүнүп турбайбы

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз. 

Мамлекеттик  бажы  кызматынын, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык  жана  фитоосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын бир катар кызмат адамдары ишкерлерден ири пара алган фактысы боюнча кармалышты.

Бул фактынын өзү жаңылык эмес. Кылмыштагы кызык нерсеси – алардын параларынын көлөмүндө болуп жатат. ИИМдин үчүнчү башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, бажы кызматкери 1200 доллар алып жатып колго түшүп, кызматтык кабинетинен 4 миң доллар жана 4 миң сом табылган. ВФКМИнин кызматкериникинен – 11 миң сом, МЧКнын кызматкериникинен – 28 миң сом табылган.

Бул факт аталган мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин параларынын “ставкасын” көрсөтүп турган жокпу?