Республикалык бюджетке 2,4 млрд. сом суммасында карыз каражаттар кайтарылды

Республикалык бюджетке 2,4 млрд. сом суммасында карыз каражаттар кайтарылды. Бул тууралуу КР финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, 2018-жылдын январь-сентябрь айлары аралыгында бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарбакер субъекттерден карыз каражаттарды кайтаруунун көлөмү 2 млрд 410,97 млн сомду түздү, анын ичинде негизги карыз – 1 млрд 657,71 млн сом, пайыздар жана айыптар – 753,26 млн сом.

Бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк насыялар боюнча чарбакер субъекттердин карыздарын кайтаруудан түшүүлөрдүн 2018-жылга болжолу 3 млрд 190,84 млн сомду түзөт, анын ичинде негизги карыз – 2 млрд 159,6 млн сом, пайыздар жана айыптар – 1 млрд 31,24 млн сом.