Көчмөндөр оюндары жана этно маданият

Көчмөндөр оюндарынын Кыргызстан эле эмес, адамзатка таанылып бүткүл дүйнөлүк мааниге ээ болуп, эл аралык спорттук мелдеш жана улуттук этномаданияттын салтанаттуу майрамы болуп калды. Атайылап курулган спорт жайлар менен ипподромдо 60тан ашык өлкөлөрдөн келген спортчулар көчмөндөрдүн спорт оюндарынын түрлөрү боюнча ат салышып, күрөшүп күч сынашты.

Мен этно маданият жөнүндө сөздү улап Кырчын жайлоосунда өткөн этномаданий көрсөтүүлөрдүн калыстар то-бунун  мүчөсү  катары  пикиримди  айтып коёюн дедим. Кырчын жайлоосунда көрсөтүлгөн театр-лаштырылган көрсөтүүлөр жакшы иштетилген, логикалык жактан тыкан ырааттуулук жана драматургиялык билермандык менен түзүлгөн сценарийлердин негизинде коюлган жайлоо спектаклдерине күбө болдук. Сценарийлерге киргизилген музыкалык, хореографиялык чыгармалар спектаклдердин көркүнө-көрк кошуп, коюлган оюн-зооктордун көркөм кооздук эстетикасын кыйла жогорулатып койду.

Көрсөтүлгөн жайлоо спектаклдердин сценарийлеринде жаратуучулук фантазия аркылуу оюн-зоок драматургиясынын мыйзам ченемдерди искусствонун жалпы философиялык принциптери туура, чеберчилик менен чагылдырылган. Баса, спектаклдердин темалары кайталанбай өз алдынча багыт менен ачылып, чыгармачылык көп түрдүүлүк стиль менен шөкөттөлдү. Бул жагынан алган-да театр лардын режиссерлору түзгөн сцена-рийлер, аларды жайлоодо кадимки театр искусствосун аздектеген жаматтар коюп ишке ашырган спектаклдер ачык асман астында,кадимки жашыл жайлоо мал семиз кезинде, шаардыкындай цемент менен түздөлбөгөн көк шибердүү жерге ылайыкталып өзүнчө тоо театрынын зор сахнасы көз алдыга элестетилди. Ал республикабыздын салттуу эт-но искусствосу менен тоо жаратылышынын ортосунда кандайдыр бир өз ара камырдай жуурулушкан романтикалуу эстетиканын сим-волу катары сезим калтырды.

Жети облустан жана эки борбор шаардан келген театрлар, алардын актерлору, ырчы-бийчилери, акын-манасчылары өнөрлөрүн чеберчилик менен аткарышты. Алардын арасында эң мыкты аткарган ырчылар, манасчылар болду.

Кырчында бир нече күн бою көрсөтүлгөн облустардын, шаарлардын жана Тажикстандын Мургаб районунан келген кыргыздардын театрлаштырылган оюн зооктору, бирдиктүү улуттук этно маданияттын көп түрдүү спектаклдери,  андагы  каада-салттар,  ырым-жырымдардын вариациялары, ыр-күүлөрдөн турган салттуу музыка менен накыл сөздөр жандуу үн кошуп бири-бири менен жуурулушуп республикалык масштабдагы эбегейсиз зор монументалдуу, өзүнчө социалдык-тарыхый маанидеги төрт күндүк спектакль же бир нече бөлүмдөн турган фестивалдын деңгээлиндеги реалдуу музыкалык- этно-графиялык этно драма пайда болду. Бул көп күндүк этно маданият драмасынын пайда болушуна Көчмөндөр оюндарын эл аралык спорттук-маданий чоң долбоор катарында заманбап идеялаштырып даярдап жүзөгө ашырган мамлекеттик ишмерлери жана ай-рыкча күч жумшаган маданият, маалымат жа-на туризм министрликтин кызматкерлерине ыраазычылык билдирип чоң рахмат айталы!

Камчыбек ДҮЙШАЛИЕВ, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор