Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары:  Нуракенин мисалын колдонсо болобу?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.  

Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаев Түркстан облусун өнүктүрүү боюнча кеңешмеде өлкөнүн ири компанияларынын жетекчилерине облуста бирден объект курууну тапшырды.

Мамлекет башчы өз демилгесин мамлекет убагында ишкерлерге колдоо көрсөткөнү, эми алардын мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымдарын кошууга тийиштиги менен түшүндүрдү. Атүгүл, конкреттүү тапшырмаларды да берди.

Мисалы, «Базис-А» курулуш компаниясынын  башчысы  Александр  Беловичке театр дын, ERG компаниясынын башчысы Патох Шодиевге түрк элдеринин музейинин имараттарын, дагы бирине стадион курууну тапшырды. Жалпысынан дээрлик бардык ири компаниялар маданий жана социалдык объектилерди курмак болушту.

Мындай демилге биздин өлкөдө иштемек беле?