Котормочу Мукан АСАНАЛИЕВ: «Андагы сезимим азыр жок, убакыт аёосуз өчүргөн…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


71 жаштагы Мукан Асаналиев – өз муунундагы акын-жазуучуларга такыр окшобогон кулк-мүнөзү, көркөм табити, таланты жагынан өзгөчөлүктөрү бар уникалдуу адам. Заманбап жаштар менен тең жарышып, орус жана англис тилинде изденген, Байрондон тарта азыркы муундагы адабият өкүлдөрүнүн ырларын үч тилде сүйлөткөн, ошол эле убакта “Курманжан датка” көркөм тасмасын англис тилине которгон, учурда “Манас” эпосун дүйнөгө таанытсам деп англис тилине которуп жаткан заманбап котормочу, чебер акын, жазуучу. Мукан агайыбыз менен маектешип ийгиликтеринин сырын билгибиз келди.

Ал  1947-жылы  Жумгал  районунун Чаек айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин география факультетине келип өтүп, бирок “чоң муштумунун” айынан окубай калган. “Жатаканада филфакта окуган эки-үч классташым бар болчу. Бир күнү: “Киного алып барып келбейсиңби”, – дешкенинен киного алып барбаймынбы. Кайра жеткирип келсем эле, кыздардын сүйлөшүп жүргөн жигиттери окшойт, эки бала мени жаактан ары чаап жиберишти.

Мен күрөшкө дагы, бокска дагы катышчумун. Ага чейин боюм кичине болгондуктан балдардан көп келтек жеп, ошондон улам эки жылдай машыгып калгам. Анан бир урсам эле бирөөсү чалкасынан жатып калды. Жаагы сынып кетиптир. “Өлтүрүп алдым го”, – деп жаным жок. Жумгалды карай качтым.

Бир күнү жездем келди: “Жүрү, барып тигинин алдынан өтүп коёлу. Баары жакшы, мен сүйлөшүп койдум”, – деп. Атамдан акча алып, баштыкка вино салып алып келдик. Эркин деген бала экен. Жаагын таңып алыптыр. “Эркин байке, кечирип коюңуз, мен атайын кылган жокмун. Ал кыздар менин классташтарым болчу да”, – дедим. Экөөбүз адегенде бир аз кызаңдашып барып оңолдук. Анан жанагы винону ичтик. Ошондон кийин доо арызын кайтарып алыптыр. Бирок окууга кайра барган жокмун”.

***

Мукан Асаналиев окуудан чыгып калгандан кийин 1965-жылы аскерге кетип, англис тилине болгон ышкысы ошол жактан ачылат. “Аскерде чалгынчылар отрядына кошулуп, англис тилинен котормочулардын курсунан окудум. Киевде чалгынчылар мектебин бүтүрдүм. Атайын терминдерди жаттап, радиоприемниктен радиотолкундарды кармачубуз. Андан кийин бир жарым жыл Египетте биздин мамлекеттик коопсуздук кызматы менен иштештим”, – дейт каарманыбыз. Армия дан: “Мамлекеттик коопсуздук кызматында иштесе болот” деген жолдомого ээ болот. Бирок андай жооптуу кызматта иштөөгө атасы макулдук бербей, заводдо иштеп, кийин университеттин англис тили факультетин аяктап, жогорку окуу жайларда, медициналык, политехникалык жана кыз-келиндер институттарында англис тилинен сабак берген.

“Ыр жазчу элем, бирок котормочулук-ка ыктап кетип, өзүмдүн чыгармаларым ка-лып калды. Шотландиялык бир мугалимден: “Сиздин котормолоруңуз аркылуу кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармалары менен тааныш болуп жатабыз”, – деп кат келиптир. Бул котормо – Жалил Садыковдун ырлары болсо керек эле”, –дейт М.Асаналиев агабыз.

***

1996-жылы «Сорос» фондусунун котормочулар конкурсуна катышып, Англияга барып бир жыл жашап, котормочулук кызматты аркалап, бир топ таж-рыйба топтоого жетишет. “Лондондо парк абдан көп болот экен, эл менен баарлашып, англис тилинен деңгээлимди текшертчүмүн.

76 жаштагы бир полковник менен жакшы таа-ныш болуп, ага сынатып жүрдүм. 2008-жылы Америкада да сегиз ай жашап келдим. Ал жакта биротоло калып калсам болмок экен деп ойлойм азыр. Бизде котормочулардын эмге-гин баалай беришпейт. Котормо адабий бир жанр экенин түшүнүшпөйт окшойт.

***

Бирок, көп акча сунуш кылган котормо болуптур. “Бүбү Мариямдын “Манасын” англис тилине которуу сунушу түшкөн. Адегенде аны бир котормочуга берсе, жакшы болбой калыптыр. Сыноодон кийин мага бир томун которгону беришкен, бирок ал китепте “Манастын” классикалык үлгүсүнө туура келбеген, одоно жерлери бар экенин көрүп, калем акысынын жакшы экенине карабай, баш тартып койгом. Ал эми атадан балага кылым карытып келе жаткан классикалык “Манасты” англис тилине которолу деп мен канча жылдан бери сунуштап келе жатам.

“Манасты” англис тилине которсок, дүйнөгө дүң болбойт беле. Тың балдардан экөө-үчөөнү кошуп, айлык берсе, “Манасты” эки жылдай убакытта которуп бермекмин. Бирок учурда Бексултан Жакиевдин “Манасын” орусчага которуп жатам”, – дейт.

Мындан сырткары, өзү өспүрүм кезден жакшы көргөн Байрондун ырларын, кыр-гыз акындарынан Алыкул, Мидин, Байдылдадан баштап, учурдагы акын-жазуучуларга чейинки 78 акын-жазуучунун чыгармасын англис тилине которуп, “Курманжан датка” көркөм фильмин англис тилине, Азербайжан акындарынын чыгармаларын орусчага которгон. Иван Переверзиндин ырларын орусчадан кыргызчага которгон. Сагын Акматбекованын, Анатай Өмүркановдун, Акбар Рыскуловдун, Эгемберди Эрматовдун, Төлөгөн Мамеевдин ар биринин 20дай ырын тандап алып, орус жана англис тилдерине которгон.

***

Аны котормочулукка ырга болгон ышкысы алып келген. Өзү айткандай, өспүрүм кезинде кокус колуна Байрондун китеби тийип калып, жөн эле окуп коё албай дароо кыргызчалап, кыргыз окурмандарына сунуш кылган. Бул анын кызыгуусун арттырып, акыры котормочулук дүйнөгө биротоло тартып кеткен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *