Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаган бүтүрүүчүлөр кармалды

Бишкектин Октябрь районунда айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдап жүргөн бүтүрүүчүлөр кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция башкармалыгы кабарлады.

Кармалган айдоочу 18 жашар Дыйканбай автоунааны ата-энесинен сурап алганын айткан. Ал унаанын ичиндеги жүргүнчүлөр жана айдоочусу 11-класстын бүтүрүүчүлоорү болуп саналат.

Патрулдук милиция билдиргендей, кармалган автоунаа айып токтотмого коюлат.

One thought on “Бишкекте айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдаган бүтүрүүчүлөр кармалды

Комментарии закрыты.