Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Бул эмне, кызмат суроонун жаңы түрүбү?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

4-октябрь күнү парламентарий Тынчтык Шайназаров Премьер-министрге депутаттарды жогорку кызмат орундарына коюуну сунуштады. Ал 120 депутаттын арасында татыктуу, күчтүү кадрлар бар экенин айтып аларды министрликтерди, шаарларды жетектөөгө тартпаганына нааразы болуптур. Анан да: “Биздин арабызда күчтүү экономисттер бар, алар өз адал эмгектери менен заводдорду, фабрикаларды курушкан, бюджетке салыктарды төлөп жатышат, иш орундарын түзүшүүдө… алар уурдашпайт, жада калса коррупция, пара деген эмне экенин билишпейт”, — дептир.

Эмне демекчибиз? Рахмат сунушуңузга! Өз алдынча мамлекет болгондон бери канчалаган депутаттар дал ушул экономикалык кылмыштарга шектелип, бир тобу соттолуп кеткени да коомчулукка маалым. Башкасын коюп, акыркы фактыны айтсак, “адал эмгеги” менен миллиардер болгон парламентарий Аскарбек Шадиевди аткаруу бийлигине тартып көрбөдүкпү?! А Лунара Мамытованы айтпай эле коелу…