III Эл аралык Ысык-Көл форуму: Айтматов жана доор чакырыктары

Вера БЕДЕЛБЕК, «Кыргыз Туусу»


III Эл аралык Ысык-Көл форуму 6-7-октябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик резиденцияда уланды. Форумдун алкагында: Азыркы заман жана маданий өзүнчөлүк боюнча: “Дүйнө бизди өзгөрттү, биз дүйнөнү өзгөрттүк”, Моралдык баалуулуктар жана гуманизм багытында: “Күн сайын адам болуу”, Экологиялык чөйрө жана коопсуздук боюнча: “Бардыгыбыз бир кайыктабыз” деген темада баяндамалар жасалды. Андан соң “Рух Ордодо” Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын театралдашкан көрсөтүүлөрү болду.

1986-жылдагы форумдун катышуучуларынын билдирүүсүнөн “Кылым аяктап жаңы миң жылдыкка чейин беш миңдей күн калды. Глобалдык мүнөзгө ээ жана мурда болуп көрбөгөндөй кыйынчылыгы бар каатчылыктар адам баласынын келечегине коркунуч жаратып келет. Албетте, аларды ар бир өлкө өз алдынча чече албай турган жана таптакыр жаңы мамилелерди талап кылган андан да оор маселелер келип чыгаары шексиз.

Бүгүнкү күндө, өтө олуттуу көйгөйлөргө тушугуп, адамдар айласы куруган сезимди баштан кечирүүдө. Мына ошондуктан биз чыгармачыл адам-дар, жазуучулар, сү рөт чүлөр жана илимпоздор адамзат генийине, анын чы-гармачылык күчүнө өзүбүздүн ишене тургандыгыбызды жар салуу үчүн ушул жерге, Кыргызстандын Ысык-Көлүнө келип отурабыз.

Дүйнө өтө тездик менен өзгөрүлүп, ал эми салттуу институттар эс кирип жаткандан улам, жалпы маселелерибиздин жаңы чечилиштерин издөөгө баарыбыз катышууга тийишпиз.

Михаил ГОРБАЧЕВ, СССРдин экс-президенти: «Мен бул дата планетанын ар кайсы булуң-бурчтарында дагы белгиленерине ишенем»

– Өтө маанилүү жылда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы өтүп жатканы менен III Эл аралык Ысык-Көл форумунун катышуучуларын куттуктайм!

Мен бул дата планетанын ар кайсы булуң бурчтарында  дагы  белгиленерине  ишенем.  Себеби Чыңгыз Төрөкулович өз китептеринен улам дүйнөдөгү миллиондогон адамдардын сүйүүсүнө жана таануусуна татыган жана татып жатат. Ой-лордун жаратуучусу болгон ал өз талантын адамдарга берген. Анын чыгармачылыгы жана бүт ишмердиги адамды урматтоону, адамдардын тагдырына тынчсызданууну камтыган. Ушул нерсе Чыңгыз Төрөкуловичти 1986-жылы Чыгыш менен Батыштын зор интеллектуалдарын – жазуучулардын, актерлордун, сүрөтчүлөрдүн, окумуштуулардын, коомдук иш-мерлердин форумун чакыруу идеясына алып келген. Бул дүйнөдө кансыз согушту аяктоонун биринчи аракеттери жасалып жаткан учурда маданияттардын диалогунун жана цивилизациялардын жакындашуусунун башталышы болуп калды.

Мен  форумуңуздар  Чыңгыз  Айтматов  жана  анын  коллегалары 1986-жылдын октябрында түптөгөн салтты улантарына үмүттөнөм.

Мамбет МАМАКЕЕВ, КР Эл баатыры: «Чыкемдин кыргыз эли үчүн жасап кеткен эмгеги опол тоодой»

– Бул форумга катышкан чет өлкөлүк өкүлдөр Чыңгыздын аброю менен келип жатышат. Чыңгыз кылымда бир жаралган улуу инсан. Ал бизди дүйнө элине таанытып кетти. Ал эми Ысык-Көл форуму абдан жакшы уюштурулуптур. Мындай эл аралык деңгээлде өтүп жатканы кыргыз эли үчүн сыймык, мен азыр кубанып отурам.

Осмонакун ИБРАИМОВ, академик: “Ысык-Көл форуму Кыргызстандын имиджин, беделин көтөрөт”

– Акыркы кездерде Кыргыз-станда жакшы демилгелер көп болуп, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жакшы өтүп, дүйнөдө жакшы резонанс жаратты. Ага утурлай Түрк дүйнөсүнүн саммити болду. Эми мына Ысык-Көл форуму өтүп жатат. Мындай  эл  аралык деңгээлдеги форум өтө сейрек болот. Ошонун биринчи себеби Айтматов, экинчи себеби Кыр-гызстандын жери, анан КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы биздин жакшы репутациябыз.

Дүйнөдөгү өлкөлөр жакшы репутация үчүн миллиондогон каражат сарпташат. Көчмөндөр оюндары аркылуу биз көп каражат коротпостон эле дүйнө элдеринин арасында имиджибизди жасап алдык. Мына Ысык-Көл форумунун максаттарынын бири да ушундай. Анткени Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чаралар Москвада, Ташкентте, Азербайжанда, Түркияда өтө турган болуп жатат. Мунун баары Кыргызстан-дын кадыр-баркын көтөрө турган иш-чаралар.

Роза АЙТМАТОВА, профессор: “Форум диалогго чакырат”

–  Бул  Айтматовдун  көзү өткөндөн  кийинки  биринчи форум. Албетте, бул форумдун чакырыктары,  мааниси  биз-дин өлкө үчүн эле эмес, башка өлкөлөр үчүн да өтө чоң деп ойлойм. Мындай форумдун негиз-ги идеясы эл аралык деңгээлдеги проблемаларды   талкуулоо, чечүү  үчүн  сүйлөшүүлөр  жо-лун тандоого, диалогго чакырат.

Жамин АКИМАЛИЕВ, академик: “Форум Кыргызстанды алга жылдыруунун дагы бир мүмкүнчүлүгү”

– Мындан 32 жыл мурун биринчи форумдун болушу, ошончо  адамдардын  Кыргызстанга келиши бул түздөн-түз Чыңгыз Төрөкуловичтин эмгеги болгон. Анан мен минтип сурап калдым: «Мынча  эмнеге  жанталашып атасыз, алар менен башка жер-ден деле көрүшсөңүз болот го?» Ошондо: «Мен, биринчиден, алар Кыргызстанды көрсүн, анан Кыр-гызстанды дүйнөгө таанытайын деп атам», – деген эле.

Ысык-Көлдө 3-4 күн жүрүп кетишкенден кийин, Чыңгыз Айтматовдун суроосу боюнча, форумга келген делегацияны Москвада Горбачев кабыл алган. Кыскасы, бул киши жалгыз эле, бүткүл адамзаттын, XXI кылымдын көйгөйлөрүн чечүүнүн жолдорун эле таппастан, алар аркылуу Кыргызстандын даңкын көтөрдү. Ошол кишилер менен сүйлөшкөндө, алар ачык эле «биз Айтматов үчүн келдик, анын туулган же-рин көрөлүк деп келдик» деп айтышкан. Ошентип Чыңгыз

Төрөкулович кылымдар алдындагы бир чоң ишти баштап кетти. Чыңгыз Айтматовдун айткан сөздөрү, акылман ойлору, ошол кишинин чаап кеткен жолдору азыр да болсо бизге керек экенин көрсөтүп турат.

Экинчиден, бул иш-чара жалгыз эле Айтматовдун атына байланыштуу эмес, анын чыгармачылыгына да байланыштуу болушу керек. Анткени анын чыгармаларындагы көйгөйлөр азыр да бар, аны кайрадан окуш керек, жаштарга окутуш керек. Ал чыгармалар келечекке да кызмат кылат деген ойдо-мун. Ысык-Көл форуму, Айтматовдун чыгармалары Кыргыз-станды алга жылдыруунун, жакшы бир жол издөөнүн дагы бир мүмкүнчүлүгүбү деп ойлойм.

Муратбек БЕГАЛИЕВ, КР эл артисти: “Шекспирдей улуу инсандардын катарында Чыңгыз агабыздын болушу биз үчүн сыймык”

–  Унутулуп  баратты  эле, Чыңгыз агабыздын 90 жылдыгы эбепке-себеп болду окшойт, форумдун кайрадан жанданып жатканы  эң  жакшы  көрүнүш. Ала-Арча мамлекеттик резиден-циясында Ысык-Көл форумун Президентибиз өзү ачып бергени абдан жакшы болду. Чет өлкөдөн белгилүү жазуучулар, акындар келишти. Анын арасында Чыңгыз агабызды жакындан тааныган Олжас Сулейманов, агабыздын жанында баарлашып, дос болуп жүргөн Мухтар Шаханов, Андрей Золотов келди. Демек, Чыңгыз аганын илеби, турган турпаты, баскан изи дагы деле жашап келатат. Мына ошону улантып алып кете турган бизбиз. Жалпы адамзатына өзүнүн мурасын калтырып, У. Шекспир, Л.Толстой сыяктуу дагы бир улуу инсан Чыңгыз агабыздын кыргыз болуп жаралганына сыймыктанышыбыз керек.

Мехман ГАСАНЛЫ, Азербайжан: “ХХ кылымдагы коогалаңдарга каршы Ч. Айтматов дүйнө кеменгерлерин чогулткан”

– ХХ кылымда эки жолу согуш  болду.  Атомдук  куралды ойлоп тапкан А.Эйнштейн өзү бул куралды колдонууга каршы чыкты. Биздин милдет адамзат үчүн бакубат, тынчтыкта өнүккөн дүйнөнү куруу. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары адам баласы менен ааламды байланыштырган философиялык көз карашты туюндурат.  Дүйнө  элдеринде атом куралы колдонулуп, адам баласы өзү коркунучка кептелгенде Айтматов бул коогалаңга каршы туруу максатында дүйнө кеменгерлерин чогултуп, бул көйгөйдүн алдын алуу максатын көздөгөн.

Олжас СУЛЕЙМАНОВ, акын, Казакстан: “Форум интеллектуалдардын диалогу өтүүчү жер”

–  Ысык-Көл  форуму  сейрек  болуучу  интеллигенттердин, интеллектуалдардын диалогу өтүүчү жер. Бул диалогдогу негизги ой жалпы адамзаттын атынан  айтылуу чу  маданий өнүктүрүү жолу, ал жалпы адам-затка  таандык  маданий  жол болушу  керек.  Бул  жараяндагы негизги роль тарыхый жактан алып караганда адабиятка жүктөлгөн. Соңку он жылдын ичинде адабият белгилүү бир кризисти башынан кечирүүдө. Мындай учурда адабият-ка бийликтин жана коомдун колдоосу гана жардам бере алат, мындан да жогору баалай турган болсок, адабияттын жолун улап кете алат. Мына ушул жерде, Кыргыз Республикасын-да адабиятка мына ушундай колдоо көрсөтүлүп жатканына, бийликтин, коомдун адабият менен болгон карым-катышын көргөнүмө мен өтө кубанычтамын.

Сулайман КАЙЫПОВ, академик: “Айтматовдун иши башкаларга өрнөк”

– Дүйнөдө Айтматовго окшогон доордун гений адамдары туулат экен. Алардын жасаган иштери кийинки муунга өрнөк болуп кала берет, баштаган иш-терин улантышат. Генийлердин чыгармалары кайра-кайра окула берет, ан сайын көрүнбөгөн жактары ачыла берет. Айтматовдун баскан-турганы, сүйлөгөн сөзү, кылган иши да башкаларга өрнөк болот. Ошолордун ичинен да эң маанилүүсү ушул Ысык-Көл форуму. Айтматов бир кезде салган жол, баштап койгон иш мына эми мындан ары күчөп, улана берет. Мына ушул жерден да Чыңгыз Айтматовдун генийлиги көрүнүп турат. Бүгүн Айт-матов биринчи Ысык-Көл форумун баштаган күнгө караган-да ошол учурда козголгон маселелер андан бешбетер курч турат.

Лайли ҮКҮБАЕВА, профессор: “Келечекке бүгүнкү адам жооптуу деген чоң милдетти койду”

–  Ошол  учурдагы  глобалдуу, эң коркунучтуу болгон маселе  –  бул  дүйнө  ядролук  согуш  коркунучунун  алдында турганы.  Айтматов  өз  демил-геси менен дүйнөдөгү жазуучуларды, искусство ишмерлерин чакырып, адамзат үчүн коогалуу болгон маселени күн тартибине коюп, ошонун алкагында «бүгүн сөзсүз сүйлөшүшүбүз ке-рек, эртең кеч болуп калат» деген ниетте уюштурган. Ошондо эки системанын – капиталисттик жана социалисттик системанын кызматташтыгын орнотууга, өз ара тил табышуусуна шарт түзүлгөн.

Мына бүгүн кайрадан Кыргызстанда, Айтматовдун 90 жылдыгына карата, бул форумдун уюштурулушу абдан ку-банычтуу көрүнүш. Анын максаты Айтматов баштаган гуманисттик идеянын мындан аркы келечеги жөнүндө пикир  алмашуу.  Анткени  бүгүнкү  күндө  дагы  адамзаттын алдында коркунуч бар, биз карама-каршылыктуу кырда-алдын ичинде жашап жатабыз. Бүгүнкү күндө дүйнөдө тер-роризм сыяктуу коркунучтуу көрүнүштөр келип чыгууда. Бул маселелерди чечүү үчүн «күндө адам болуу» – адамды адамдыкка кантип алып келүү жөнүндө ой-пикирлер алмашмакчы.

Экинчиден, Айтматовдун көзү өтүп, бизден арылаган сайын, анын улуу гуманист экени, улуу философ экени кайрадан билинип, алдыбызда Айтматов калтырып кеткен мурастарды тереңден окуп, изилдөө маселеси турат. Айтматов изилдөөчү катары айтарым, ал чыгармаларында дүйнөлүк маселелерге кайрылып, алардын эң эле чордону болгон адамзаттын келечегине бүгүнкү адам жооптуу экени жөнүндөгү чоң милдетти адамдын алдына койгон.