Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Арматура эмес, союл менен чапса боло берет дегендикпи?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Социалдык тармактарда эки адамдын бирөөнү сабап жатышканы, анысы аз келгенсип, бирөөсү машинасына жүгүрүп барып, бир нерсе алып чыгып, аны менен сабаган видео жарыяланган. Коомдук резонанс жараткан бул кылмыштагы эки кылмышкердин ошол нерсе менен сабап жатканына сот аркылуу баш коргоо чарасы катарында үй камагы тандалып, кое берилгени кызык. Андан да кызыгы — шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмышкер арматура эмес, күрөктүн сабы менен сабаган деп берген комментарийи. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси боюнча иш козголуптур.

ШИИББнын жана соттун пикири боюнча, күрөк сап менен келтирилген жаракаттын арматура менен келтирилген жаракаттан айырмасы бар окшойт. Же арматура менен сабаса, коркунучтуу кылмышкер болуп, күрөк сап менен сабаса, коркунучтуу эмес болуп калабы? Алдын-ала териштирүү көрсөткөндөй, бир күн мурда кылмышкер менен жабырлануучу чатакташа кетишип, эртеси атайын сабаганы келген. Эми ал бош жүрүп, жабырлануучуга басым көрсөтпөйт деп ким кепил боло алат?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *