«Чаарат Заав» спорт майрамын өткөрдү

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


«Чаарат Заав» алтын кен компаниясы Чаткал районунун экономикасынын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизүүдө. Компания он жылга жакын мезгилден бери чалгындоо иштери менен алектенип келүүдө. Бүгүнкү күндө ал жакка фабриканын курулушун баштоого керектүү техникаларды ташып келишип, даярдык көрүлүп жаткан чагы. Буюрса, жумушчу орундар түзүлөт деп, күтүп жаткандар толтура. Табияты катаал тоолуу аймак түгүл, жакынкы айылдардан жаштар миграцияга кетип жаткан учурда бул абдан жагымдуу кабар болду. Алтын казыла электигине карабай, буга чейин компания райондун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө 152 млн. сомдук салык төлөгөн. Бул каражаттар айылдардын инфратүзүмдөрүн жакшыртууга багытталды.

Үстүбүздөгү  жылы  Чаткал  райондук администрациясы менен «Чаарат Заав» компаниясынын ортосунда 14,4 млн.сомго социалдык курулуштар үчүн меморандумга кол коюлган. Бул каражаттар Каныш-Кыя айылына чоң көпүрө курууга жана бир катар социалдык объектилердин оңдоолоруна, курулуштарына сарпталууда. Райондун айылдарында адистер тартыш. Ушул көйгөйдү жоюу үчүн компаниянын каражатына жогорку окуу жайларында окуган студенттердин контракт акысы төлөнүп келүүдө. «Чаарат Заав» компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Александр Новак мындай дейт. «Чаткал райо-нунун айылдарында мугалимдер жетишсиз болгондуктан мындан ары да алардын окуу акысын каржылоону уланталы деп жатабыз. Мындан тышкары, Ага-Хан фонду менен биргеликте эколог адистерин да окутуп алабыз. Чаткалдын ажайып кооз жаратылышы жабыр тартпашы үчүн бизге билимдүү жарандар керек. Өз кезегинде биз дагы бардык техникалык нормаларды сактап, иш жүргүзүүгө колдон келген бүтүндөй аракетибизди жумшайбыз», – деди.

Табигый шарты катаал келген район үчүн элге керектүү товарлар өтө кыйынчылык менен жеткирилери белгилүү эмеспи. Ушуга байланыштуу компания ал жактагы эки дүкөнгө эл дүңүнөн соода кылып алуусу үчүн демөөрчүлүк жардамдарды такай берип келүүдө. «Чаарат Заав» компаниясынын  директорлор  кеңешинин төрагасынын кеңешчиси Улукбек Турдубеков жергиликтүү калкты жумуш менен камсыздоо компаниянын түздөн-түз социалдык саясаты экенин белгиледи. Компания кен иштетүүнү баштаганда жумушчулардын 80 пайызын жергиликтүү калктын ичинен алышат жана анын подряддык ишканалары дагы ушундай эле квота менен иш алып барышат. Азыркы учурда компания геологиялык чалгындоо жумуштарына айылдардан 90 адамды жумушка тартышкан. Ал эми фабрика курулуп бүтүп, алтын алына баштаганда жергиликтүү жаштарды жумушка тартуу эселеп көбөйөт. Буюрса, «Чаарат Заав» компаниясы 2020-жылдын аягында алгачкы жолу алтынды казып алууну пландап жатат. Ал учурда компания жергиликтүү бюджетке кирешеден 2 пайыз которуп турат.

Алдын ала эсептөөлөргө караганда анын көлөмү жылына 300-400 млн. сомго чейин жетиши болжолдонууда. Которулган каражаттар Жалал-Абад облусунун жана Чаткал районунун өнүктүрүү фондуларына бөлүштүрүлмөкчү. Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевдин билдирүүсү боюнча компания алтын алууну баштаганда «Кумтөрдөн» кийинки эле ири алтын кен компаниясына айланат. «Компаниянын которуулары жыл сайын 400 млн. сомдун тегерегинде болуп турса, биз райондогу мектептерди, ооруканаларды курабыз. Ал эми калк жогорку деңгээлдеги айлык акы алып, туруктуу жумуш орду менен камсыздалат. 2020-жылы «Чаарат-Заав» алтын казып ала баштаса, аймагыбыз социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча секирик жасайт деген тилектебиз», — деп билдирди.

Сентябрдын аягында Чаткал районунда «Чаарат Заавдын» биринчи кубогуна спорттук мелдештер өткөрүлдү. Райондук деңгээлдеги алгачкы спорттук мелдештерге миңден ашык адам келди. Компаниянын кубогунун спорттук программасына күрөш, аламан улак жана волейбол түрлөрү боюнча мелдештердин жалпы байге фонду 418 миң сомду түздү.

Баарынан аламан улак оюну элдин кызыгуусун туудуруп, кыйкырык-сүрөөн менен коштолуп жатты. Аламан улактын Көк-Бөрү оюнунан айырмасы бар. Көк-Бөрү команда менен ойнолот, ал эми аламан улакта ар бир атчан жигит өзү үчүн ойнойт. Ошондуктан улакты талашууда аябагандай курч күрөш жүрөт. Аламан улакта деле улактын денесин баарына талаштырып койсо болмок. Бирок, чаткалдык эр-азаматтар улактын ордуна салмагы 70-80 килограмм чыккан торпокту бөктөрүп алып, талашышканы оюнду ого бетер кызытып жиберип жатты. Байге фонду 150 миң сом болгон бул оюндун акчалай сыйлыктарын эң та-тыктуулары жеңип алышты.

«Чаарат  Заав»  компаниясы  мындай спорттук оюндарды өткөрүп турууну адатка айландырмай болду. «Биз Чаткалдын жаштары үчүн мындай оюндардын керек экенине ынандык. Спорт аркылуу дени сак муунду тарбиялоо абдан маанилүү деп эсептейм. Өз жашоосун спорт менен тыгыз байланыштырган адам ичкилик, тамеки, баңгизат сыяктуу жаман адаттарга жолобойт. Эмгек тартибин катуу сактап жоопкерчиликтүү болушат. Айрыкча «Чаарат Заав» компаниясы негизги ишти баштаганы турган учурда, бизге күчтүү, ден соолугу чың жумушчулар керек», – деди Александр Новак.

Эмдиги жылы компаниянын кубогуна шахмат жана боксту кошмой болушту. Бокс ту өздөштүрүү үчүн мында дүйнөнүн жети жолку чемпиону, даңазалуу боксчу Орзубек Назаров тартылып жатат. Назаровдун айтканына караганда Бокс федерациясы чаткалдык жаштар үчүн белгилүү машыктыруучуларды жиберүүгө аракеттенет.

Кантсе да компания абдан жакшы спорттук майрамды баштап койду жана аны жыл сайын сентябрдын аягында өткөрүп турууга убада берди. Ал эми аталган компания спорттук мелдештерди облустук, андан кийин республикалык деңгээлге чейин кол-доп берип турмай болду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *