«Касымдын логикасы укмуш эле, ал сүйлөгөндө бир сөзүн да ашык же кем айтчу эмес»

Белгилүү акын, драматург, кыргыз жазма адабиятын жана илимий тил таанууну баштоочулардын бири, 1925-жылдан 1927-жылга чейин республикалык илимий комиссиянын председатели, 1927-1930-жылдарда Кыргыз АССРинин Агартуу эл комиссары, андан соң илим изилдөө институтунун директору жана Кыргызстан мамлекеттик педагогика институтунун профессору болуп иштеген Касым Тыныстанов 1935-жылдын 27-28-декабрында Кыргыз облустук партия комитети менен Эл комиссарлар совети тарабынан уюштурулган «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук илимий конференцияда «Манас жомогунун кыргыз эли үчүн мааниси» деген доклад жасаган. Касым Тыныстанов алгачкылардан болуп атактуу манасчыларды чогултуп, алардан “Манас” эпосун жазып алууну колго алгандардын бири. Ошондой эле эпостун толук вариантын китеп кылуу маселесин да көтөрүп чыккан. Бул максатта республикада бир катар уюштуруу иштери жүргүзүлүп, акча каражаты да бөлүнгөн. Ошентип “Манас” эпосун басмадан чыгарууда болгон аракетин жасап жүргөн учурда сталиндик репрессиянын курмандыгы болуп калган.

Тыныстанов  Касым  1901-жылы 10-сентябрда азыркы Ысык-Көл районундагы «Чырпыкты» айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Тыныстан Маркатай уулу араб тамгасында кат сабаты жоюлган адам болгондуктан уулунун келечегине кам көрүп, кичинекейинде эле арабча окуу-жазууну үйрөтүп койгон экен. Энеси Арпанек Көл башындагы тектүү жердин, Миңке бай деген белгилүү адамдын кызы болуптур.

Касым Тыныстанов 1909-1912-жылдары  «Чырпыкты»  айылында,  1913- 1914-жылдары Сазановка айылында, 1914-1916- жылдары Пржевальскидеги шаардык орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы үркүндө качкан элге кошулуп, Чыгыш Түркстанга (Кытайга) барат,  Кулжа  шаарынын  чет  жакаларына туугандары менен отурукташып, ал жер-деги  жергиликтүү  байларга  жалданып иштеп жүрүп, Улуу Октябрь революциясы жеңгенден кийин элине кайтып келет..

1919-жылга чейин иштеп, октябрь айы-нын аягында Ташкенттеги Казак-кыргыз агартуу институтуна кирет. Бул окуу жайын 1924-жылдын июнь айында бүтөт. 1923-1924-жылдары «Ак жол» гезитинде, «Жас кайрат» жана «Сана» журналдарында кызматта иштеп, кыргыз тилинде материалдарды уюштуруп, чыгарылыш-ка жооптуу болгон. Ушул эле жылдарда Түркстан АССРинин агартуу комиссариатындагы Кыргыз илимий комиссиясынын мүчөсү болот.

1924-жылдын июнь айында институтту аяктагандан кийин Кара-Кыргыз илимий комиссиясы тарабынан Каракол шаарындагы кыргыз улутундагы мугалимдерди кайра даярдоо боюнча педагогикалык курска жалпы билим берүүчү сабактар боюнча лектор катары жиберилет. Ушул жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнүн кандидаттыгына өтөт.

1925-1926-жылдары Кара-Кыргыз автоном облусунун эл агартуу бөлүмүнүн Академиялык борборунун окумуштуу катчысы, төрагасы болуп иштейт. «Эркин тоо» гезитин 1925-жылдын 29-июлунан 25-октябрына чейин редакторлойт.

1927-1930-жылдары Кыргыз АССРинин агартуу эл комиссары, 1931-1937-жылдары Кыргыз илим изилдөө маданий-курулуш институтунун илимий кызматкери, сек-тор башчысы, директорунун милдетин аткаруучу болуп иштөө менен Кыргыз педагогикалык институтунда сабак берген.

1932-жылы доцент, 1936-жылы профессор наамын алган. 1930-жылдын тегерегинде катуу ооруп, врачтардын сунушу боюнча бир жылча айылына барып дарыланып, таза абада болуп, эс алып, сакайып келет. 1937-жылдын 1-августунда «эл душма-ны» катары кармалган. Ага төмөндөгүдөй айып тагылган:

«Касым Тыныстанов 1921-жылдан тартып улутчул контрреволюциячыл «Алаш Ордо» уюмунун активдүү мүчөсү, ал эми камакка алынган мезгилде контрреволюциялык улутчул «Социал- Туран» партиясынын мүчөсү болгон. Ушул уюмдун борборунун жетекчилеринин катарында болуу менен ал совет бийлигин куралдуу жол м-нен жок кылууга, Кыргыз ССРин СССРден бөлүп кетүүгө жана буржуазиялык-улутчул мамлекет түзүүгө практикалык иш чараларды жүргүзгөн, капиталисттик өлкөлөрдүн чалгындоо  органдары  менен  бирдикте кылмыш иштерин жасаган». Ошентип ага РСФСРдын Кылмыш Кодексинин 10 жана 11, п-а,2,4,7,58 статьяларына ылайык айып тагылган («Ала Тоо», 1991-ж, №10-11 саны, 270-б.). СССР  Жогорку  сотунун  Аскердик коллегиясы 1938-жылдын 5-ноябрында К.Тыныстановду атууга өкүм кылган жана өкүм токтоосуз аткарылган.

1957-жылдын 1-октябрында СССР Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы К. Тыныстановду күнөөсүз деп таап, 1938-жылдын 5-ноябрындагы өкүмдү жокко чыгарат. Кыргызстан  КП  БКнын  бюросу 1958-жылдын 22-январдагы чечими менен К.Тыныстановду 1926-жылдан тартып партияга калыбына келтирген. Бирок, Кыргызстан КП БКнын бюросу К.Тыныстановдун маселесине кийин дагы бир нече жолу кайрылган.

К.Тыныстановдун уулунун жана Кыргыз ССР Илимдер академиясынын академиги Б.М.Юнусалиевдин сунушу боюнча КПСС БКнын алдындагы Парткомиссия 1964-жылдын 1-июнунда мындай чечим кабыл алган: “1937-жылы К.Тыныстановго коюлган саясый айыптоолор жарабай калгандыгын жана анын сот органдары тарабынан  толугу  менен  акталгандыгын эске алып, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин 1960-жылдын 5-январындагы чечимин өзгөртүү менен К.Тыныстанов партиялык жагынан актал-сын (өлгөндөн кийин)”.

1925-жылдан тартып Касым Тыныстановду жакшы билген Зияш Бектенов ал жөнүндө мындай деп эскерген: «Касымга мына ушул окууну (Ташкендеги Казак-кыргыз эл агартуу институтун – М. Б. ) бүтүрүп жатканда кыргыздардын да окуу китеби жазылсын, ушуну сен жазгын деп тапшырма берет. Касым аны бир айдын ичинде бүтүрөт. 1924-жылдын биринчи жарымында атактуу китеби – «Окуу китеби» басмадан чыккан. Адеп алиппе окугандар И.Арабаевдин «Алиппеси», К.Тыныстановдун «Окуу китебин» колдонгон. Аларды чалдарга окуп берген кезде, көздөрүнө жаш алгандары болгон, капырай, кыргыздын да өзүнүн тамгасы, өз тилинде окуусу болот экен ээ, – дешип.

. . . Эми Касымдын адамгерчилик жагы, анын сөз тапкычтыгы, чечендиги, шайырлыгы укмуш болчу, куудулдугу да бар эле. Мен көп эле кишинин докладын уктум, Москвада бир жыл, жарым жыл иштеп калганда, Луначарскийдин докладын да Узакбай экөөбүз 3-4 жолу укканбыз. Касымдын логикасы укмуш эле, ал сүйлөгөндө бир сөзүн да ашык же кем айтчу эмес, чечен киши эле» (Кыргыз маданияты, № 27, 4-июль, 1991-ж.).

Касым Тыныстанов 1925-жылы биринчилерден болуп араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселесин көтөрүп, «Эм-не үчүн латын алфавитине өтүүнү создуктуруп  жатабыз?»  деген  макала  жазган. Жаңы алфавитке өтүү оңой-олтоң жумуш эмес экендигин, ал бир топ каражатты, эмгекти, түйшүктү талап кылаарын түшүнүп, «Жаңы алфавиттин досторунун коомун» түзгөн жана анын башкармасын жетектеген. 1925-жылы Бишкекте өткөн илимий-педагогикалык съездде Касым Тыныстановдун көтөргөн сунушу толук жактырылган.

1935-жылдын декабрь айынын аягында Кыргыз облустук партия комитети менен Эл комиссарлар совети «Манас» эпосу боюнча бүткүл союздук илимий конференция уюштурган. Ушул конференцияда Касым Тыныстанов «Манас жомогунун кыргыз эли үчүн мааниси» деген доклад жасаган. Ошондо казактын улуу жазуучусу Мухтар Ауэзовдун, профессор Поливановдун докладдары угулат.

Тилекке каршы, конференциянын материалдары НКВДнын архивинде сакталып, 60 жылга жакын убакыт жарык көрбөй келген. Ал эми конференциянын активдүү уюштуруучулары Б. Исакеев, М. Белоцкий, К. Тыныстанов, Е. Поливанов жана башкалар 1937-жылы репрессияга тартылып, «эл душманы» катары көздөрү тазаланган. Касым Тыныстановдун 1935-жылы «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн конференцияда жасаган доклады 1992-жылдын 16-январында «Кыргыз маданияты» газетасынын № 3-санына басылган.

Улуу эпосту дүйнө элдерине таанытуу максатында орус тилине котортуп бастыруу үчүн республиканын жетекчилери менен макулдашат. Тиешелүүү акча каражаты бөлүнүп, эпостун «Чоң казат» бөлүмүн орусчага которууга аракет башталат. Москвадан М. Тарковский, С. Липкин, Пенковский деген белгилүү котормочулар чакыртылат. К. Тыныстанов өзү редактор болуп, баш сөзүн өзү жазат. Бирок Касым Тыныстанов камалып кеткендигине байланыштуу бул китеп 1946-жылы гана жарыкка чыгат.

1988-жылдын  29-декабрында  кабыл алынган Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин токтомуна ылайык, залкар окумуштуу, акын, драматург К. Тыныстанов биротоло акталат. Молдо Кылыч жана Касым Тыныстановдун адабий мурастары жөнүндө тарыхый чындык калыбына келтирилип, алардын чыгармачылыгын үйрөнүү, тандалма чыгармаларын басып чыгаруу жагы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын тил жана адабият, филосо-фия жана укук институттарына, республи-канын Жазуучулар союзуна жана Мамлекеттик басма комитетине тапшырылган.

1991-жылы баш сөзүн З.Бектенов, соңку сөзүн А.Эркебаев жазып, Касым Тыныстан уулунун «Адабий чыгармалары» жа-рык көргөн. Бул китебине анын ырлары, аңгемелери жана «Жаңыл Мырза» поэмасы киргизилген. Китепти З. Бектенов жана А. Эркебаев түзгөн. Касым Тыныстанов 1920-1921-жыл-дары  Эл  агартуу  институтунда  казакча окугандыгына байланыштуу алгачкы ырларын казак тилинде жазган. Ал эми 1922-1924-жылдары «Жаңыл Мырза» поэмасы баш болгон он эки ырын кыргыз тилинде жазган. Бул чыгармалары 1925-жылы Москва шаарындагы СССР элдеринин борбордук басмаканасынан «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен жарык көрөт. Ал эми 1924-жылы «Мариям менен көл боюнда» деген алгачкы аңгемеси «Жаш кайрат» журналынын бир нече санына жарыяланат. Казак жана кыргыз тилинде жа-зылган чыгармалары да гезит-журналдарга басылып турган.

Касым Тыныстановдун демилгеси ме-нен жана ошол кездеги айрым интеллигенттердин колдоосу менен 1926-1927-жылдары элден акча чогултулуп, 1928-жылдын май айында «Жаңы маданият жолунда» деген журналдын биринчи саны жарык көрөт.  Журналдын  жооптуу  редактору Касым Тыныстанов, редколлегия мүчөлөрү Баялы Исакеев, Токчоро Жолдошов болушат. Өзү 1931-жылга чейин бул журналга жооптуу редакторлук кызматты аткарат.

Касым Тыныстанов 1931-жылы башка иштерди иштөө менен бирге Кыргыз драма театрына бир аз убакыт директор болуп калат. «Академиялык кече» деген пьесалар  топтомун  жаздырууну  уюштурат. Өзү болсо «Көз көргөндө» деген пье-саны жазат. 1932-жылдын январь айында аталган пьесаны койдурат. Андан көп өтпөй бул пьеса жөнүндө «Правда» гезитине «Касым Тыныстанов протаскивает на сцену советского театра бий-манапскую идею»деген  кабар  жарыяланат.  Касым-дын бир каршылаш адамы тарабынан бул боюнча көлөмдүү макала жазып, республикалык гезитке жарыялайт. 1933-жылдын 29-мартында Кыргыз обкомунун бюросу өткөрүлөт. Буга К. Тыныстановдун чыгармалары боюнча басма сөздө жарыяланган материалдар себепчи болот жана анын чыгармаларын сындаган тиешелүү токтом кабыл алынат. К.Тыныстановго «Кыргыз улуттук театрынын сахнасынан улутчулдук боюнча ачыктан ачык үгүт жүргүзгөн, драмасында байлар менен манаптардын идеологиясы жана феодалдык түзүлүш кадимкидей калыбына келтирилген» деген күнөө коюлат.

Кыргыз улуттук театрында коюлган «Манас», «Шабдан» спектаклдери көрсөтүүдөн алынат. Ушуларды шылтоо кылып, Касымдын ийгиликтерин көрө албаган айрым жердештери атасы Тыныстанды кулакка тарттырып, Украинага айдатып жиберишет. Айрым  маалыматтарга  караган-да К.Тыныстанов көп кырдуу, таланттуу адам болуптур. Ал музыкалык аспаптарда (өзгөчө балалайкада) жакшы ойноп, элдик ырларды да ийине келтирип, өзгөчө эргүү менен ырдачу экен. Өзүнүн жазган ырла-рына обон да чыгарган учуру болуптур.

К.Тыныстанов зайыбы Турдубүбү менен Теңдик, Эркин аттуу эки уулдуу, Бирдик, Кишимжан аттуу эки кыздуу болушат.

Бактыбек МАКСҮТОВ, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *