Арабдар Кыргызстандын суусун сатып алууга ниеттенип жатат

Кыргызстан Соода-өнөр жай палатасы менен Бириккен Араб эмирлигинен келген өкүлдөр эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык алакаларды жандандыруу боюнча жыйын өткөрүштү. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, аталган мекеменин президенти Марат Шаршекеев эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 25 жыл болгону менен бир дагы алгылыктуу долбоор ишке аша электигин белгиледи.

Ал эми бизнес-делегацияны жетектеп келген Федералдык соода-өнөр жай палатасынын башкы катчысы Хумаид Бен Салем Кыргызстандын артезиан сууларын жана экологиялык таза азыктарын экпорттоого кызыкдар экенин билдирди.

«Кыргызстан менен биздин өлкө туризм тармагында кызматташа алат. Мен сиздердин өлкөңүздөрүн кооздугуна жана ажайып жаратылышына суктанып бүтө албай жатам. Жакынкы күндөрү бул жакка үй-бүлөм менен да келип кетсем дейм. Бирок туризмдин өнүгүшү үчүн сапаттуу кызмат көрсөтүү менен коноктордун коопсуздугун камсыздоо керек», — деди Хумаид Бен Салем.

Соңунда кыргыз ишкерлери эмирликтин ишкердик тармагы менен таанышуу жана эки тараптын кызматташуусун арттыруу максатында Бирриккен Араб эмирлигине чакыруу алды.