Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону тапшырды

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Норус айылындагы мектептин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыдыруу учурунда Өкмөт башчы жаңы мектептин курулуш долбоору жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине Норус айылындагы мектептин курулушун кыска мөөнөттө аяктоону камсыздоосун жана курулуш иштеринин сапатына өзгөчө басым коюуну тапшырды.