9 айда 57,5 млрд. сом салык чогултулду

Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 57 млрд. 479,7 млн сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, коюлган план 100,1 %га аткарылып, 63,6 млн сомго ашыгы менен жыйналды.

2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктардын келип түшүүсү 5 млрд 442,4 млн сомго же 10,5 %га жогорулаган.