Шаардын жолу – шаардын жүзү, шаар башчынын ишмердигинин күзгүсү

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек мэриясында аппарат жетекчисинин кызмат орду бар экенин бул орунга Балбак Түлөбаев дайындалгандан кийин билдик. Анткени, ал дайындалар менен билегин түрүнүп ишке киришип, мэрия менен шаардыктардын ортосунда түз байланышты колго алды. Минтип мэриянын шаардыктардын көкөй кескен көйгөйлөрүнө далысын салбай, жүзүн бурганы жакшы көрүнүш. Балбак мырза, шаар турмушу, борбор калаанын келечеги бизди да түйшөлтөт, ойлонтот. Шаар тагдырына “Кыргыз Туусу” да кайдыгер эмес. Биздин да айта турган ойлор, бере турган сунуштар бар. Буга чейин да жазып, айтып келгенбиз. Ушундан улам, шаар турмушуна арналган “Бишкек турмушу” аттуу атайын бет ачууну туура таптык. Анда оболу сөз шаар жолдору тууралуу.

Бекер акча деп соо жолду буза берсе болобу, же башаламандыктарга ким жооп берет?

Быйыл жаз айынын капортосунан баштап, борбор калаанын борбордук көчөлөрүнүн жолдору капиталдык оңдоодон өтө баштады, оңдоо иштери азыр да уланып жатат. Бир караганда, минтип жолдордун капиталдык оңдоодон өтүп жатканы жакшы көрүнүш. Анүчүн мэрияга жана грант берген Кытайга “бали” деп кол чапса болот. Тилекке каршы, биз Бишкек шаарынын тургуну катары борбордук көчөлөрдүн жолдорунун асфальттарынын алмаштырылганына анчейин деле кубанган жокпуз. Эмне үчүн? Себеби, быйыл капиталдык оңдоодон өткөн жолдордун алды 7-8 жыл, арты 2-3 жыл мурда гана капиталдык оңдоодон өткөн болчу. Бир сөз менен айтканда, арадан капиталдык оңдоо мөөнөтү келбей туруп, бул жолдорду кайра башынан капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн зарылдыгы жок эле. Мисал менен айталы, “Кыргыз Туусу” редакциясынын имаратынын батыш тарабындагы К.Тыныстанов көчөсү (Чүй проспектиси менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиштерине чейинки бөлүгү) мындан эки жыл мурда, ашып кетсе үч жыл мурда эле асфальтталган. Жолдун бул кесими капиталдык оңдоону эч кандай талап кылган эмес. Андай болгондо, Бишкек мэриясынын жана анын капиталдык курулуш башкармалыгынын бул көчөнү оңдоо тууралуу чечим кабыл алганына жол болсун?!! Же Кытай өлкөсүнүн гранты, бекер акча болсо эле, ал миллиондорду жолго чача бериш керекпи?

Же Манас проспектисин алалы. Бул өкмөттүк трассанын капиталдык оңдоодон өткөнүнө ашып кетсе 5-10 жыл болгондур, же биз жаңылышып жатабызбы? Чоң эсептен алганда бул проспектинин жолун кайрадан капиталдык оңдоодон өткөрүү талап кылган эмес. Же болбосо, Чүй проспектисинин Манас проспекти менен кесилишинен Фучик көчөсүнө чейинки бөлүгүн алалы. Бул жол деле капиталдык оңдоодон өткөнүнө 5-10 жыл болгон. Аны да кайрадан капиталдык оңдоодон өткөрүүнүн кереги жок эле. Жолдордун ар кайсы жерлериндеги жарака сызыктарды айтпаганда, чуңкурлар деле жок болчу, а тиги жарака сызыктарды битум менен косметикалык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп койсо, ал жолдор дагы 15-20 жыл кызмат кылып бермек. Чындыгында, анын өзү мэриянын да эмес, ошол жолдорду капиталдык оңдоодон өткөргөн, эгер жол мөөнөтүнө жетпей бузулса, анда аны оңдоп-түзөөнү өз мойнума алам деп мил-деттенме алган жол курулуш компанияларынын баш оору-су эмеспи. Андай болгондо, капиталдык оңдоо мөөнөтү келе элек жолдорду капиталдык оңдоп-түзөөнүн ордуна, ага кеткен каражатка башка жолдор оңдолсо болмок.

Бирок, мэрия ага баш ооруткусу келген жок да, шаар жолдору мэриянын бюджетинен эмес, Кытай грантынын эсебинен капиталдык оңдоодон өтүп жатпайбы дедиби, шарт чечим кабыл алды да, капиталдык оңдоодон өткөнүнө 5-10 жыл болгон көчө жолдоруна деле кайрадан асфальт төшөтүп салды. Болору болду, бирок буга шаардык бюджеттен каражат кетпеген күндө да, бул үчүн тийиштүү адамдар жооп бериши керек.

Мүмкүн, Бишкек мэриясы жана анын капиталдык курулуш башкармалыгы “жолдордон жарака кетти, өкмөттүк трасса идеалдуу болуш керек” деген аргументти бетке карманар чыгар. Болуптур, ага деле макул дейли, быйыл капиталдык оңдоодон өткөн жолдор сапат-туу болдубу? Бул өтө суроолуу маселе. Ырас, мэрия быйыл жолдорго асфальт төшөөдө жаңы технология пайдаланылганын айтып келет, бирок ал технологиянын дурус же буруш экенин быйылкы күз айындагы жаан-чачындар жана алдыдагы кыш айлары эле көрсөтүп коет. Быйыл асфальтталган жолдордон эмки жылы жарака кете баштаса, жолдорду кайра башынан оңдоп баштайбызбы?!!

Репин көчөсү анда жашаган “ак жака луулар” үчүн асфальтталдыбы?

Айтор, жол куруу жана кайрадан оңдоо иштеринде кыжалат кылган жагдайлар көп. Алсак, быйыл Ленин районунун Арча-Бешик конушундагы Репин көчөсүнө асфальт төшөлдү. Репин көчөсүндөгүлөрдү “майрамы” – асфальт жолдуу болушу менен куттуктайбыз. Бирок, ушул жерден суроо туулат. Бул көчөнүн жолуна кимдин, эмненин урматына асфальт төшөлдү, Балбак мырза! Билебиз бул көчөдө “ак сөөктөр” көбүрөөк жашайт, мүмкүн ошон үчүн гана бул жол асфальтталган чыгар?.. Болбосо, Репин иттин куйругундай ийри, сөйрүк, жеңдей кыска көчө. Бул көчө менен анда жашагандар эле  машина  менен  өтпөсө,  “стратегиялык” мааниси аз. Ага караганда ошол эле Арча-Бешик конушундагы  Чортеков  көчөсүнүн  Түштүк магис тралдан  жогорку  бөлүгү,  Термечиков көчөсүнүн Түштүк магистралдан Д.Күйүковага чейинки ылдыйкы бөлүгү, Түштүк магистралдын уландысы, эл ташыган №202, 135-маршруткалар каттаган Эр-Тайлак көчөсү асфальтка муктаж болчу. Анан калса, бул көчөлөр Репин көчөсүнөн кенен, ал көчөлөрдө жашагандар гана эмес, конуш тургундары көбүрөөк пайда-ланган көчөлөр. Бирок, биз сөз кылган көчө жолдору быйыл да асфальтталган жок жана качан асфальт төшөлөрү да белгисиз. Демек, ушул фактынын өзү (Репин көчөсү) жолду асфальттоо иштеринде да жеке кызыкчылыктар жана коррупция аралашып кеткенин көрсөтөт.

Жөө кишилер үчүн да жол керек, бирок…

Эми тротуар, жөө кишилер үчүн жол маселеси тууралуу. Жаңы мэр А.Суракматов келгени Түштүк магистраль көчөсүнө тротуар төшөлүп жатканы жакшы көрүнүш, бирок бул деле барып-келип кимдин, эмненин урматына деген суроону пайда кылат. Дегенибиз, Арча-Бешиктеги Түштүк магистралдай эле кенен, чоң, стратегиялык мааниси бар Чортеков көчөсүнүн асфальтталганына 6-7 жылдын жүзү болуп баратса да, жолдун бир жагына тротуар төшөлгөн менен, жолдун экинчи тарабы бозала бойдон калып ке-латат. Чортеков көчөсүнө тротуар жасаса болбойбу?

Кеп, Чортеков көчөсүндө эле эмес, Бишкектин жака белиндеги ондогон жаңы конуштарында тротуар маселеси — он жылдап чечилбей келаткан  маселе.  Кыскасы,  жөө  кишилер  үчүн  жол  Түштүк  магис-траль менен эле бүтүп калбайт, Балбак мырза. Түштүк магистраль менен жөө жүрсө, ак жакалуулар эртели-кеч жөө басар. А кир жакалуу  кара  тамандар  айлап-жылдап  чаң  кечип,  жаңы  конуштар-да  жашап  жатпайбы.  Ушуну  Азиз  Эмилбековичке  жеткиргей экенсиз.

Мамлекет ичиндеги мамлекетке айланган “Бишкек жылуулукэнерго”

Эми да жол маселесине келсек. Борбор калаада “Бишкек жылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы деген мекеме бар. Жаңылбасак, анын ыйгарым укуктарына калкты, билим берүү, саламаттыкты сактоо мекемелерин, өнөр-жай жана коммерциялык ишканаларын жылуулук энергиясы менен камсыз кылуу, жылуулук суу түтүктөрүн эксплуатациялоо кирет. Аталган ишкана мэрияга караган менен бул муниципалдык мекеме “мамлекет ичиндеги мамлекет” болуп алган. “Мамлекет ичинде мамлекет” болгону ушул, быйыл мэрия шаардын бир көчөсүн капиталдык оңдоодон өткөрүп кетсе, “Бишкек жылуулукэнерго” кийинки жылы ошол көчөнү казып, жылуулук түтүктөрү алмаштырып баштайт. Бул көрүнүшкө жылда болбосо да, жыл ара кездешип жүрөбүз. Былтыр-быйыл борбор калаанын Фрунзе көчөсүндөгү суу түтүктөрүн алмаштыруу иши шаардагы ошол башаламан иштерден кабарлап турат. Албетте, ал башаламандыктар Суракматовдун, Түлөбаевдин тушунда болгон жок. Муну биз аларга, кулагына күмүш сырга катары, мындай каталыктарды жасабаса деген ниетте айтып жатабыз. Бул жылы жол салып, кийинки жылы ал жолду буза турган болсо, ага АКШнын бюджети да түтпөйт.

P.S. Борбор калааны далай мэрлер башкарды, далай аппарат жетекчилери алмашты, шаардыктар аппарат жетекчилери түгүл, шаар башчысы ким экенин билбей өткөн жылдар болгон. Кыргызда “вазир жакшы хан жакшы” деген кеп бар. Мэрдин орун басарлары, аппарат жетекчиси жакшы болсо, шаар башчысынын иши жылат. Шаар башчынын иши жылса, шаардын иши жылат, мунун өзү шаардыктар үчүн гана эмес, борбор калаага келген миңдеген меймандар үчүн да ыңгайлуулуктарды жаратат эмеспи.