Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Түштүк Кореяда экс экени эске алынбайт

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Азыр  Азиянын  тез  өнүгүп  жаткан өлкө лөрүнөн болгон Түштүк Кореяда дагы бир экс-президент соттолду. Бул өлкөдө 2008-жылдан 2013-жылдын башына чейин президент болуп турган Ли Мен Бак коррупцияга айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылды жана 11,5 миллион доллар айыпка жыгылды. Сот документтер боюнча бир тууганына таандык делген, автомобилдин запастык бөлүктөрүн чыгаруучу DAS компаниясынын чыныгы ээси Ли Мен Бак өзү деп тапкан.

Ага чейин коррупцияга жана бийликтен ашыкча пайдаланганы үчүн дагы бир экс-президент, өлкөнү 2013 – 2017-жылдары (кылмыш иш козголуп, кызматынан ажыртылганга чейин) башкарган Пак Кын Хе 25 жылга соттолуп, 18 миллион доллар айыпсалынган.

Негизи Түштүк Кореяда экс-президенттерди соттоо жаңылык эмес. 1996-жылы диктатор катары саналган Чон Ду Хван (1980 – 1988-жылдары) жана анын ордун ээлеген Ро Дэ У (1988 – 1993-жылдар) соттолушкан.