Мугалимди ак жеринен күнөөлөп, соттой берсе боло береби?

Кыргыз Республикасынын Президенти Ш.С.Жээнбековго

Урматтуу президент! Төрт жылдан бери райондук соттон баштап, Жогорку сотко чейин жазган арызым кагаз бетинде калды. Акыркы үмүтүм сиз! Ишенсеңиз, мен чак түштө жол таппай, мыйзамсыздыктын кара түнүндө калдым. Сотко пендемин дегендин асти иши түшпөсүн. Агартуу тармагында 30 жыл иштеп, эл-журт таанычу эле. Эми эл караган жүзүм жер карап, укугум тебеленип турат, адам укугу мынчалык тебеленип-тепселет деп ойлобойт элем. Укугуң менен адам экенсиң.

Мен жети баланын атасымын. 30 жыл агартуу тармагында иштесем, 20 жылдай мектепте директор болдум. Эми мен айыпкер болуп отурам. Өзгөн райондук прокуратурасы 2015-жылы 17-сентябрда КРнын Эсептөө палатасынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусттар аралык аудиттин Өзгөн районунун Чангет айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин аткарылышын текшерүүсүнүн негизинде бир катар адистин үстүнөн КУП №1649 147-15-439 кылмыш ишин козгоду.

Анда 2014-жылы Чангет айыл өкмөтү “Кыргыз Мунайга” 67 300 сом акча которуп бергени, 1720 литр бензиндин кириш-чыгышы айыл өкмөтүнүн эсебине өтпөстөн жеке кызыкчылыктар үчүн иштетилгендиги, ушул айыл өкмөттүн өзгөчө кырдаалдар боюнча адиси М.Ормонов 15 500 сомго жалган чыгыштарды жасаганы, ошол учурда-гы айыл өкмөтү Д.Акматов 14 800 сомду өз кызыкчылыгы-на пайдаланганы, жер адиси А.Кадыров 14 400 сом, салык кызматкери Т.Ниязов 10500 сом, Б.Каратаев 18 000 сом, бардыгы болуп, айыл өкмөткө 140 590 сомдук зыян келтирилгендиги аудиттик текшерүүдө жазылган. Мына ушундай суммадагы акчанын туура эмес кириш-чыгыштары аудиттик текшерүүнүн негизинде белгиленип, ошол боюнча КРнын ЖПКнын 150, 153, 156, 18, 159 беренелери боюнча кылмыш иш козгоо жөнүндө Өзгөн райондук прокурорунун улук жардамчысы Р.Жумакунов токтом чыгарган. Ачылган кылмыш

ишке Өзгөн районунун прокурору М.Айтикулов мөөрүн басып, колун койгон токтомду 17-сентябрь 2015-жылы колдоруна берген. Ушул күнгө чейин аудиттик текшерүүнүн аныктамасын алалбай келем.

Ачылган кылмыш ишти Ош облусунун прокуратурасынын тергөөчүсү Т.Кенжебаев карайт. Ноябрда Т.Ниязовдун, М.Ормоновдун, А.Кадыровдун үстүнөн козголгон кылмыш иш кыскартууга жатат деген аныктамасын чыгарат. Ал эми мен, Б.Каратаев 18 миң сомдун кандайча чыгымдалганын расмий документтер менен тастыктадым. Ал акчаны өкмөттүн эсепчи, кассири акча калбай калганын айтып, 8 миң сом эле бергени күбөлөр менен такталган жана калган 8 миң сом даректүү эсеп документтер ишке тиркелген. Тактап айтканда, тергөөдө он миң сомду (квит.№75600252) кийин бергенин эсепчи, кассир да айткан. Бирок, майда акчага кириптер болгондор тутулуп, киттери кутулду. Тергөөнүн жүрүшүндө адам оюна келбеген окуялар орун алды. Өзгөн райсотунун судьясы А.Козуев 12-декабрда мени соттогон чечимин чыгарды. 18 миң сомду толук алалбай калганы менен кассир, эсепчинин кылмышын жапкан деп айып үстүнө айып кошулду.

Аудиттик текшерүүнү жабыш керек болгонбу же Каратаевдин тарабындагы чындык жалган иштердин жа-нында алсыз болгонбу айтор иш карагандар соттоп, 4 миң сом жазана төлөйсүң деген чечимин беттерин чым эттирбей, менин, Б.Каратаевдин колуна карматып койду. Бул чечимди Ош облустук соттон А.Кубатов, А.Абдылдаев, М.Токтомушев, прокурор М.Сатаров жана Жогорку соттон К.Бокоев, Б.Бактыгулов, А.Акыев биринчи чыккан жасалма иштердин чечимин өзгөртүүсүз калтырышты. Айлам алты кетип, алдастаган абалда соттун салган айып пулун 4 миң сомду төлөйүн деп сот аткаруучуга кайрылдым. Сот дегенден көңүлүм журт көчкөндөй калды. 4 миң сом эмес 400 000 (төрт жүз миң) жаза төлөйсүң, болбосо сени камак күтүп турат деп сот айламды алты кетирип жатса, башка не айла кылам? Курулай жалаага кабылгандан көрө пара берип болсо да кутулсам болмок экен деп ойлодум. Аргасыздык, мукурагандык не гана ойго түртпөйт. “Менин айыпсыз экенимди, алар көрбөсө Кудай көрүп турат” деп өзүмү сооротом.

Мына эми“соттолгонсуң” деп, өз үйүмдөй болуп калган мектепке кире албай калдым. Менин укугумду райондук элге билим берүү бөлүмү да коргой албады. “Эмне кылганым үчүн ушунча айыпка кириптер болушум керек?” деген суроону өзүмө-өзүм берем. Анткени ушул суроонун так жообун эч бир орган кызматкерлеринен, мыйзамдын төбөсүндө отургандарга кайрылып таба алган жокмун. Прокуратура кызматы мыйзам бузууларга көзөмөл кылуучу орган болбой эле адам тагдырын тебелеп-тепсеген орган болуп калыптыр.

Айтмакчы КРнын Башкы прокуратурасынын Ош облусу боюнча тергөөчүсү Т.Кенжебаев ишин кыскарткан-дардын катарында Чангет айыл өкмөтүнүн мурдагы баш-чысынын милдетин аткаруучу “А.Ахмадалиеванын жана М.Закирбаевдин” үстүнөн козголгон кылмыш иш куугунтуктоосуз кыскартылсын деген токтом жүрөт. Бул токтомдун караманча туура эмес экенин, андай адамдар айыл өкмөттү башкармак тургай, айыл өкмөттө жок экенин көзүн таңып алган адам да көрөт, түшүнөт. Бир ууч мафиянын өң таа-ныш, тил табыш менен жасалган иштеринин бети өзүнөн-өзү ачылып отурбайбы.

Ушундай. Акыйкатсыз айыптоо болду, жөн жеринен сот жообуна тартылдым. “Ак ийилет сынбайт” дегендей менин укуксуздуктан тарткан азабым калыбына келет деп ишенем.

Базарали КАРАТАЕВ, Өзгөн району, Чангет айылы