Бекер тартууланып жаткан шорону талашып кетишкен (видео)

Интернет айдыңында эки аял шоро талашып урушуп кетти деген видео тарады. Видеодо «Шоронун» суусундуктарын сатуучу жайда сатуучу аял менен шаар тургуну бири-бирине орой сөздөрдү айтышып, уруша кетишет. Аларды компаниянын футболкасын кийип жүргөн бала бөлүштүрүүгө аракет жасайт.

Толуктай кетсек, кыргыздын салттуу тамактарын заманбап технологиялар менен өнүктүрүп келе жаткан «Шоро» компаниясы бүгүн 25 жылдык мааракесин белгилөөдө. Мындай даталуу күнгө карата, компаниянын чейрек кылымдан бери чогуу келе жаткан кардарларына билдирген ыраазычылыгы катары компания элге суусундуктарын акысыз тартуулап жаткан.

«Шоро» компаниясы ага-ини Табылды жана Жумадил Эгембердиевдин демилгеси менен 1992-жылы түптөлгөн.