Жазуучу Айчүрөк Макешова: “Жазгандардын баары жазуучу боло бербейт”

 

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

– Айчүрөк эже, алган билимиңиз, тандаган кесибиңиз музыкант болуп туруп, кандай себептерден улам адабиятка аралашып калдыңыз?

–  Мектеп  партасынан  эле  республикалык  гезит-журналдарга, радиого ар кандай кабарларды жаза баштадым. Почточунун атчан караанын зарыгып карап, чыдамсыздык менен күтүп турар элем. Бир жолу класска врачтар медайым менен келишип, укол сайышып эмдешмек болушту. Классташым Жаныш парта астына жа-шынып, акырын жылып, сыртка чыгып кетти. Бирибиз да ал жөнүндө айткан жокпуз. Арадан көп өтпөй эмдетпей, уколдон качкан Жаныш ооруп калды. Ошондо “анын эмдөөдөн качып кеткенин айтпай жашырганыбызды, ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алууда эмдетүүнүн пайдасы чоң экенин, жолдошубузга дос эмес эле кастай мамиле жасаганыбызды ачыктап, акыр аягы анын сарык менен ооруп калганына аябай кейип, чынчыл пионерлер да биздей болобу? Мындай жорук экинчи кайталанбаса экен”, – деп гезитке жазып жиберсем, тез эле чыгып келди. Кудай бетин салбасын, менин кабарыма башка мектептердин окуучулары үн кошуп укмуш талкуу болгон. Жазуучулукка карай жол ошентип мектептен башталган.

– “Кошокчу аял” аттуу китебиңиз өз учурунда окурмандар арасында, чоң резонанс жаратып, көп талаш-тартыштуу пикир жаратканы эсимде. Арасында мактагандары болду, сын айткандары болду дегендей… Сиз ал сындарды кандай кабыл алдыңыз? Сизге дем бердиби, же канатка чапкандай болдубу?

– Жазуучулук өтө татаал кесип. Сексенинчи жылдары мен кайрадан түзүлгөн Талас облустук гезитине кабарчы болуп иштеп калдым. Мына ушул мезгилде карышып кара сөздүн үстүнөн түштүм. Таластык жаш таланттардын багына кыргыздын таланттуу, залкар жазуучусу Касым Каимов адабий кеңешчи болуп келди. Биринчи аңгемелерим жазуучу Касым Каимовдун баш сөзү менен “Кошокчу аял” деген ат менен “Кыргызстан” басмаканасынан жарык көрдү. Кандай жарык көрдү, дал ошондой сынчылардын “тепкисине” кабылды. Ошол мезгилдеги “Кыргызстан маданияты” жумалыгына сынчылар сындап чыккан экен, окуп алып көргөн көзүмө ишенбей аябай маанайым чөктү, чындыкты айтканда жүдөдүм. Кайран тырмак алды эмгегимдин канабайрамын чыгарышты, чычалаганды айтпа!.. Турмуштун анча-мынча ысык-суугуна туштугуп калганы-ма карабай катуу депрессияга кептелдим.

Бир күнү жазуучу агайым Касым Каимов машинесинен түшүп редакцияга келаткан экен. Көктөн издегенимди жерден тапкандай алдынан тосуп, ботодой боздоп: “Сиз баш сөз жазган алгачкы китебимди балан, түкүн сынчылар абдан сындашыптыр”, – деп даттана баштадым. Агайым: “Балан акынды билесиңби”, – деди, “билем”, – десем, “анын жылына кеминде экиден жыйнагы чыгат, бирок сынчылар карап да койбойт. Чай берип да, башкасын берип да бир-эки ооз пикир жаздыра албай жүрөт. Себеби, жыйнагында сынчылар кызыккан эч нерсе жок. Ал эми сенин китебиңде сынчылар кызыккандай бир нерсе бар турбайбы. Бул жакшы көрүнүш. Бирок, “Бир ит көрүп үрөт, бир ит көрбөй үрөт” дегендей сынчылар да ар кандай болот. Бул сынчылар жактырбаса, кийинки сынчылар жактырып жакшы пикирин айтат. Китебиңдин тез эле оозго алына башташына күйүнбөй сүйүнүшүң керек. Чыгары менен унутулуп калган китептердин катарына кирбей, окула турган китептердин катарына кирген турбайбы?” – деп көңүлүмдү көкөлөтүп салды. Айткандай эле башка сынчылар жакшы пикирин жаадырышты.

Тилекке каршы, союз ураган соң жазуучулар жамгырдан кийин чыккан козу карындай жайнап кетти. Ошол жайнаган жазуучулардан улам жазуучулук кесиптин баркы өтө төмөндөп кеткенине өкүндүм. Күндүр-түндүр көзүм тешилип, кабыргам сөгүлүп жазып, карышып иштеген күндөрүм болду. “Туткун” деген роман жаздым. Өзүм иштеген “Эркин Тоо” гезитине үзүндүлөрдү бергенибизде окурмандар сурап, суусап окушту. 500 нуска менен чыккан. Бат эле окурмандарын таап, маанайымды көтөрдү. Бул “Туткун” романым өз баасын, наркын алалек. Башка тилдерге которулса болмок. Бул даректүү романымда экинчи дүйнөлүк согушта немецтердин колуна түшкөн нечен улуттун каармандары бар. Которулса, жок издеп жүргөн балким ондогон каармандар табылмак.

50 жашка келгенде катуу ооруп калдым. Ооруганымдын себеби сүйгөн ишимден кол жуугандан болду окшобойбу. Гезитте иштебей калгам. Турмуш-шарт да ойдогудай болбой, кыскасы борбор шаарга келдим. “Эркин Тоого” кызматка алынган күндөн менин чыгармачылык, кабарчылык турмушумда жакшы жагына бурулуш болду. Бирок, чындыкты айтсам, чыгармачылыкка караганда материалдык кызыкчылык зор роль ойноп кетти.

– Өз муунуңуздагы жазуучулардан кимдерди баалайсыз? Кимдерди окуйсуз, кимдерге таасирленесиз?

– Биздин муун Чыкемди (Ч.Айтматов) баш кылып айтканда Төлөгөн Касымбеков, Өскөн Даникеев, Казат Акматов, Мелис Абакиров, Кеңеш Жусупов, Кубатбек Жусубалиев ж.б. жазуучулардын чыгармаларын окуп, таасир алдык окшойт. Дүйнөлүк классикалык чыгармалардын чырагына май тамыздык, тааныштык. Сексенинчи жылдары бирге келген жазуучулардан Бейшенбай Усубалиев, Жылкычы Жапиев, Султан Раев жана башкалардын талантына баа берем. Чындык керек кийинки жаштардан эч бирин билбей, элес деле албай калдым. Ушундай жабалактаган жазуучулар көп кезекте көп чыкпай сынчылардын аягы тыйылды. Сын да, чыныгы адабият да тайды.

– Сиздин көркөм ой жүгүртүүңүз башкалардан өзгөчөлөнүп турат. Аялдарга тиешелүү назиктик, жумшактык эмес, эркектерге мүнөздүү катуулук, өжөрлүк, көктүктү байкоого болот.

– Кийинки 10-15 жылдан бери жаңы чыгармаларды жазууга чындап киришкеним жок. Бүткүл аракетим гезит ишине гана байланууда. “Кыргызстан маданияты” жумалыгына чыккан “Буйрук” аттуу аңгемемди кайрадан окуп: “Ушул аңгемени чын эле мен жаздым беле?” деген суроо пайда болду. Тил байлыгыма, азыркы доордун көйгөйүн дал бутага алганыма айран таң калдым.

Баса, кыздар таарынышпас, кара сөз менен мээнеттенишкен саналуу кыздар бар. Мен жазуучу кыздардай эмес көрүнүктүү жазуучу жигиттердей жигер менен келгенимди өз учурунда бир катар жазуучу агайларым айтып: “Сен кыздардай жазбай, жигиттердей жазат экенсиң” дешкен. Кыязы мелодрамадан оолак болсом керек. Чыкпай калган бир топ аңгемелеримди чыгарсам, албетте, окумдуу китеп болчудай. Эми жаза турган темалар бар. Жазыш үчүн какырап таш басып калган өнөрканамдын эшик-төрүн кайрадан тазалашым, тил байлыгымды чыңдашым керек. Кайрадан кара сөздүн катыгын берип, карышып иштөөчү мезгилим, балким, алдыда.

– Менин жеке түшүнүгүмдө, санжыраны, тарыхты мыкты билет экенсиз. Тарыхка кайрылып, көлөмдүү чыгарма жазуу тууралуу оюңуз жокпу?

– Тарыхый темаларга кызыгып, бир топ чыгармаларды жаздым. Айталык, Бекболот уруусу жөнүндө, чынында кызык. Тарыхта болгон окуяларды орду менен жазып, элге тааныштырсак жакшы эмей. “Балан баатырдын баланча жылы” деп кийинки кезде тарыхта жашап өткөн кыйын инсандардын тоюн тойлошкондору менен баскан жолдорун жазган бир да киши жок. Бирок, эстеликтерин орнотушуп, тойлошуп оюн-зоок курган жагынан алдына эч кимди чыгарышпайт. Таш эстелик да керектир. Ал эми ал баатырларыбыздын баскан жолун ташка тамга бас кандай чагылдырган чыгармалар болсо кана, атаганат.

– Атай тууралуу эң сонун иликтөө жазган экенсиз, аны көркөм чыгармага айландырууну ойлонгон жоксузбу?

– Атайды залкар жазуучу Касым Каимов көркөм роман кылып жазган. Мен анын чыгармачылыгына гана иликтөө жасагам. Көркөм чыгарма кылып жазуу, балким, башка көйкашка жазуучулардын колунан келер. Мындай улуу му-зыканттардын таржымалын айтып олтурса өзүнчө эле мухиттей терең эмеспи.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *