Кыргыз-кытай чек арасында күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу КР Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн, 10-октябрда болжол менен таңкы саат 07:48дер чамасында катталып, Ош облусунун Алай районунун Нура айылында 4 баллга, Көк-Суу айылында 3,5 баллга жана Кара-Киндик айылында 2,5 баллга сезилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча жабыр тарткандар катталган эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *