Махабат Мавлянова: Жалгыз максатым – кытайлык туристтердин миллиондогон эмес, миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова кытайлык туристтерди тартуу зарылчылыгы тууралуу айтылган пикири коомчулук тарабынан бурмаланып кабыл алынганын, мунун артында саясий оппоненттери турушу мүмкүн экенин билдирди.

-Акчага буйрутма аткарган фейк группалар депутаттык мандатымды ыраа көрбөгөн ар кандай чакырыктар менен кашыктап чогулткан абийиримди, ар-намысымды, элге кылган ак кызматымды жер менен жексен кылып, бир күндө тебелеп жок кылгылары келди. Моралдык этикалык норманын чегинен чыгып, коомубуздун кээ бир катмары моралдык деградация болуп жатканын айгинеледи.

Ошону менен катар Мавлянова “Менин жалгыз максатым – кытайлык туристтердин миллиондогон эмес, миллиарддаган акчасынын агымын Кыргызстанга буруу” деп билдирип, кытайлык туристтерди тартуудан дүйнө өлкөлөрү канчалык пайда көрүп жатканы тууралуу эки инфографикалык тасманы көрсөттү.

Эскерте кетсек, депутат 4-октябрда парламентте сүйлөп жатып Кытайдан келүүчү туристтик топтор үчүн визасыз тартип киргизүүнү сунуш кылган.