Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: “Атактуу айдоочуга” иш жок окшойт. Азырынча…

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Мурдагы Президент А.Атамбаевдин убагында көмүскө кардиналга айланган Икрамжан Илмияновдун азыр аты-жыты белгисиз. Анан өткөндө, коомчулукта ага карата кылмыш иши козголгону жөнүндө сөз чыгып кетти эле, Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы аны төгүндөгөнгө аракеттениптир. Ошентсе да, акыркы мезгилде көрүнбөй жүргөнүнө караганда, сөз тегин жерден чыккан эмес окшойт. Эл арасында канчалаган маселелерди “айдоочу” аркылуу чечип алышканы боюнча айтылган фактылар көп. Юридикалык жактан кынтыксыз кылып эле салбаса, бул имиштин чындыкка чыгып калышы да ажеп эмес.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *