Унутта калган Эшмамбет

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Башталышын бул жерден окуңуздар

Айтор, Токтогул менен Эшмамбеттин айтыштары аркылуу эки акындын турмуштук позициясынын, көз караштары-нын окшоштуктарын гана эмес, эки акындын айтыш өнөрүнүн чоң чеберлери болгонун да билебиз. Эшмамбет өзү менен замандаш акындардын дээрлик баары менен айтышкан, бирде сөздүн ыңгайына жараша, сөзгө жыкса, бирде сөзгө алдырган, бирде бири-бирин сүрөп, бири-бирин толуктап ырдашкан. «Эшмамбет менен Токтогулдун тойдогу тамашасы», «Токтогул, Эшмамбет, Корголдун калпага ырдаганы», «Эшмамбет менен Барпы», «Эшмамбет менен беттешүү», «Жеңижок менен Эшмамбет», «Токтогулдун сибирден келгенде Эшмамбет ырчы менен учурашканы», «Эшмамбеттин Найманбай менен айтышканы», «Эшмамбет менен Токтогулдун эшенге ырда-ганы», «Айтыш», «Айтуяк», «Токтогул менен Эшмамбеттин Кеңколго келиши», «Токтогул менен Эшмамбеттин Кара Курман ырчыга жолукканы», «Токтогул менен Эшмамбет», «Эшмамбет, Курман, Бекназар менен Алтынайдын айтышы» аттуу акындын ай-тыш ырлары аны талантынын деңгээлинен, айтыштарынын бай мазмунунан кабарлап, акындар поэзиясын бай мурас менен толуктап турат.

Эки акындын «ага-инидей ээрчишип» ырдаганына, бир туугандай ысык мамиледе болгонуна алардын акындык тагдырынын окшоштугу да себепкер экени айтпасак да түшүнүктүү чыгар. Эшмамбет Копо ажыдан качып, Таластан Кетмен-Төбөгө өз каалоосу менен өмүр бою «сүргүнгө» келсе, Токтогул өмүрүнүн көп жылын Сибирде сүргүндө өткөргөн. Улуу Октябрь революциясына чейин да, Кеңеш өкмөтү орногондон кийин да эки акындын таланты эл тарабынан баланса да, бийлик ээлери тарабынан бааланбай кала берген. Адамдык жана акындык оор тагдыр, кыйын турмуш, өзү жашаган коомдогу адилетсиздикке карата нааразылык Эшмамбеттин ырларын кызыл сызык менен аралап өтөт, бирок бул маанайдагы ырлар анын чыгармачылыгынын негизин түзбөйт. Эшмамбет баарыдан мурда дүйнө, жашоо, балалык, карылык тууралуу салттуу санат ырларын («Санат», «Жаштарга акылым», «Балалык», «Эсиме түштүң жашчылык», «Карылык») катыра ырдаган ойчул акын. Атажурт тууралуу асыл ойлорун ырга салып, анын кооздугуна, аны жерлеген элдин пейилине суктанган, даңазалаган («Көркөмүң сонун алайлык», «Касиеттүү жер экен», «Четинди менен Тегерек», «Кеминим жердей жер экен», «Дыйкан сага береке, кырманыңа береке», «Жер эне») нукура мекенчил акын.

Кыргыз жери, Атажурт тууралуу не бир керемет ырларды жараткан Эшмамбет Кетмен-Төбө жеринде өмүрү өтүп, киндик каны тамган жери, касиеттүү Талас деп зарлап өткөн.

«Көркөмдүү Талас кенен жер,
Көрөөрмүн сени мен кайра.
Кейиште жүргөн убакта,
Күч-кубат берчү бел кайда?
Таалайым сага ылайык,
Табылбайт сендей эл кайра».

Бул арманга жык толгон саптарды окуп отуруп, «Аңдап көрсөң бул тизмектердин түпкүрүндө Алмамбеттин арманындай эле зор арман бугуп жатат» деген А.Обозкановдун оюна аргасыз кошуласың.

Манасчы, ырчы Жаңыбай:

«Тумчугуп жаның үзүлдү,
Тууганың көрбөй жүзүңдү.
Кадырлап ойдон тоскон жок,
Катының мендей кошкон жок.
Жакшылар ойдон тоскон жок,
Жакының мендей кошкон жок.
Каруу болоор камчың жок,
Карап тураар артың жок.
Теңирдин кылган буйругу,
Тууган жерден буюрбай,
Турпагың, турган жерден буюрду» (Абдиев Т. Залкарлар, замандаштар, чоңколор. –  Ф.,  1999.  58-бет.),  –  деп  «мүрзөсүнүн үстүндө кошок кошкон» тегин жерден болбосо керек.

Адабиятчылар адилет белгилегендей, «Эшмамбет Байсейит уулунун кыргыздын төкмөлүк өнөрүнүн, дегеле акындар поэзия-сынын арбын кырлуу түр-түспөлгө ээ болуп, өркүндөп-өсүшүндөгү ролу теңдешсиз. Эшмамбеттин алым сабак айтыштары – бул жанрдын эч кайталангыс бийик үлгүсү болуп калды. Анын көптөгөн айтыштары ай-тыштын ар кыл классикалык үлгүлөрүнө жатат. Ал эми Эшмамбеттин эл-жерге, мекенге, өмүр жашка ж.б. арналган санат-термелери, негизги мурастары акындар чыгармачылыгындагы шедеврлерди түзөт» (А.Обозканов). Бирок, Эшмамбет Байсейит уулу татыктуу баасын албай, өмүр-чыгармачылыгы ар тараптуу изилдөөгө алынбай, чыгармалары топтолуп чыгарылбай келатканы өтө өкүнүч жаратат. 1988-жылы акындын жупкадай ырлар жыйнагы жарык көргөн, ошол бойдон ушул күнгө акындын ырлары жазылган кол жазмалар чаң басып текчелерде жатат. Элдик мураска, Токтогул, Жеңижок, Жаңыбай, Үмөталы, Калык, Найманбай баштаган залкарлар менен замандаш жашап, акындык өнөрдүн  алтын  доорун  жараткан  алтын жаак, жез таңдай акынга жасалган бул мамиле улуттук ар-намыстын деңгээлинен кабарлап турат. Бул каалайбызбы же жокпу кечиримсиз иш.

Аягы