Жээнбеков: Билим берүү – туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы

«Билим берүү — туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы болуп саналат. Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере алат», — деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-октябрда, Бишкек шаарында КМШ мүчө өлкөлөрүнүн мугалимдеринин жана билим берүү кызматкерлеринин V сьездинин ачылышында.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү толук берилет:

 

«Урматтуу съезддин делегаттары!

Урматтуу коноктор! Достор!

Айымдар жана мырзалар!

Меймандос кыргыз жергесине кош келиңиздер!

Дүйнөдөгү эң асыл кесиптин ээлери болгон мугалимдердин съезди билим берүүнү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп тааныган Кыргызстанда өтүп жатканына биз кубанычтабыз.

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, советтик билим берүү системасы коомдун ошол кездеги керектөөлөрүнө жараша болчу жана экономиканын, социалдык турмуштун, мамлекеттик башкаруунун жана коргоонун талаптарына жооп берген.

Биз баарыбыз бирге дүйнөдөгү атаандаштыкка толук туруштук берген билим берүү системасынын өкүлдөрү болчубуз.

Биздин жалпы билим берүү мейкиндигибиз бири-бирибиздин алдыңкы иш тажрыйбабыз менен алмашып турууга өбөлгө түзгөн.

Биздин жалпы аянтчабыз бар болчу, жалпы союздук съезддер жана кеңешмелер өтүп, мугалимдер тажрыйба алмашып турушчу.

Жалпы союздук мугалимдердин адистигин жогорулатуучу борборлор бар эле. Бир союздук республикада сыноодон өткөн мыкты методикалар башка республикаларда да таркатылчу.

Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Бир жагынан саясий процесстердин таасири алдында жалпы билим берүү мейкиндигибиз да бүлүндү.

Экинчи жагынан, биздин турмушубузга рынок мамилелери сүңгүп кирип, эмгек рыногу өзгөрдү. Биздин коомдордогу жаңы турмуш жаңы билим берүү системасын талап кылды.

Биз, КМШ өлкөлөрү дагы да болсо планетада жашаган элдердин эң билимдүү бөлүгүн түзөбүз деп ойлойм. Бирок ошентсе да, мезгил агымы жаңы талаптарды коюуда. Бул талаптар КМШга кирген бардык өлкөлөргө тиешелүү деп ойлойм.

Анткени ишмердиктин бардык түрүнүн интеллектуалдашуусу кайсы өлкөдө болбосун жалпы тенденция болуп калды.

Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделдерин издеп жатат. Билим берүү жана илим системасын реформалап жатышат.

Биз да Кыргызстанда билим берүүнү реформалоонун жолдорун издеп жатабыз.

 

Урматтуу достор!

 

Биздин жалпы билим берүү мейкиндигибиз болушу керек. Бул биздин өлкөлөрдүн бирге өнүгүшүнө жардам берет.

Ошол эле учурда ар бир өлкөнүн өнүгүү өзгөчөлүгү ар башкача. Ошондуктан Өкмөткө Кыргызстанда билим берүүнүн жаңы Стратегиясын иштеп чыгуу милдети коюлган.

Кыргызстанда билимдүү коомдун болушу — айрым адамдардын эле каалоосу эмес, бул мамлекеттик мааниси бар иш.

Биздин Конституция боюнча негизги жалпы билим милдеттүү жана акысыз.

Реформалардын буюрутмачысы болгон мамлекеттин атынан мен билим берүү системасынын алдына мектеп буга чейин топтолгон билимдерди берүүчү гана жер болбостон, биздин жаш муундар каалаган убакта, каалаган жеринде, өмүр бою жаңы билимдерди алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло турган жайга айландыруу үчүн аны кандайча реформалоо керек деген маселени койдум.

Биздин билим берүү системабыз коомдук ченемдерди жаңылоочу гана жер эмес, өлкөнү өнүктүрүүнүн механизми дагы болушу керек.

Жаратылыш ресурстарыбыз чектелүү болгондуктан, биз интеллектуалдык ресурска басым жасоого мажбурбуз.

Биз өлкөбүздүн өнүгүшүнө өбөлгө болчу билим берүү моделин түзүшүбүз керек.

Бизге дүйнөнү тааныта турган эле эмес, биздин экономиканы, биздин коомду, биздин турмушту жакшы жагына өзгөртүүгө көмөк болуучу билим берүү системасы керек.

Биз билим берүү өлкөнүн өнүгүшүнүн башкы ресурсу болуп калат деген ойдобуз.

Алдыбызда маалыматтык коомго өтүү милдети тургандыктан, биз санариптик технологияларды кеңири жана бардык тармактарда колдонууну билим берүүнүн негизи кылып алышыбыз зарыл деп эсептейм.

Мектепте билим берүүнүн артыкчылыгын сактоо менен биз балдарды эрте жашында өнүктүрүүгө жана мектепке чейинки билим берүүгө көп көңүл бурушубуз абзел.

Биз, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларынын жана электрондук окутуунун эсебинен, азыркыдан да ачыгыраак жогорку билим берүү системасын түзүшүбүз керек.

Биз билим берүү менен илимдин ортосунда тыгызыраак интеграцияга жетишүүбүз зарыл.

Билим берүү менен катар мектептин тарбиялык функциясы сакталып эле калбастан, азыркыдан да чоңураак мааниге ээ болот.

Бул иште ата-энелер коомчулугу менен мектеп өнөктөш болушу керек. Акыркы жылдары биз муну унута баштадык.

Коомубуздун келечеги үчүн жоопкерчиликтүү жаш муунду тарбиялоо, алардын өлкөбүздү өнүктүрүүгө багытталган көз карашын калыптандыруу — маанилүү милдет.

Бул азыркы кезде турмушубуздун бардык чөйрөлөрүнө улам терең кирип келаткан коммуникациялар аркылуу биздин коомдорго жат баалуулуктар таңууланып жаткан учурда өзгөчө актуалдуу мааниге ээ.

Көп улуттуу Кыргызстанда билим берүү аркылуу ар кыл маданияттардын, тилдердин, этникалык жана диний коомчулуктардын гармониялуу интеграциясы ишке ашууда.

Ошону менен катар жарандык интеграциялануунун тили катары Кыргызстандын бардык жарандарынын мамлекеттик тилди билишин мамлекеттик маанидеги милдет деп эсептейбиз.

Кыргыз тили Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили катары улуттук баш коштуруунун милдетин өтөөгө тийиш.

Кыргызстанда өлкөдө жашаган бардык улуттардын тилдерин, салттарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Мамлекетибиздин Конституциясында жарандарыбыз мамлекеттик, расмий жана дүйнө тилдеринин бирин билүү принциби бекитилген.

Кыргызстанда орус тилине расмий статус берилген.

Кыргызстан жарандары Пушкиндин жана Достоевскийдин тилинде эркин сүйлөгөн өлкөлөрдүн бири.

Биз муну коомубуздун руханий байлыгы деп эсептейбиз. Бул мурасыбызды биз сактап жана бапестөөгө милдеттүүбүз.

Урматтуу сьезддин делегаттары!

Биз, КМШ аймагындагы өлкөлөр азыркы окуучулар мектептен кийинки турмушунда пайдасы тийгидей билим алышын камсыз кылышыбыз керек.

Башкача айтканда эртеңки күндүн талаптарына жооп берген билим берүү кандай болушу керек? Коомдо кандай билим ар дайым керектүү болуп турат деген маселе эң негизги суроо болуп турат.

Азыркы күндө дүйнөдө баардыгы өтө тез өзгөрүп жатат. Билим берүүгө талап дагы катуу коюлууда.

Ошондуктан заманбап мектеп кандай болушу керек, келечектеги мектеп кандай болот деген табыгий суроолор коюлуп жатат.

Бул маселелер баардыгын — мугалимдерди, ата-энелерди, коомчулукту өлкөлөрдүн жетекчилеринин дагы тынчын алууда.

Баардыгына жана өмүр бою билим берүү — бул азыркы дүйнө үчүн эң маанилүү милдет.

Бириккен Улуттар Уюму бардык өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн күч-аракеттерин бириктирүүгө чакырат, анткени билим берүү туруктуу өнүктүрүүнүн эң ишенимдүү пайдубалы.

Билим берүү — өлкөбүздүн келечегин аныктаган негизги, олуттуу маселелердин бири. Глобалдуу атаандаштыкка билимдүү коом гана туруштук бере алат.

Мындай шарттарда мугалимдердин мааниси жыл санап өсө берет.

Педагог деген сөз грек тилинен баланы жетелеген деп которулат.

Балдарга жаңы дүйнөнүн эшигин ачкан адам.

Жол баштоочу.

Ал педагогдун кесибиндеги өзгөрүүлөргө, жаңы талаптарга даяр болууга тийиш.

Демек, мугалим коомдун алдыңкы сабында болушу керек. Бул оор, бирок сыймыктуу милдет.

Биз мугалимдерди ар дайым колдоого алабыз. Педагогдук кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу биздин артыкчылыктуу милдеттерибиз болуп саналат.

Жогоруда айтылган билим берүүнүн эң курч маселелери биргелешип талкуулоону талап кылат.

Ошондуктан бүгүнкү сьезддин маанисин ашкере баалоого мүмкүн эмес.

Урматтуу достор!

Өлкөлөрүбүздүн алдындагы келип чыккан жаңы милдеттерди билим берүүнүн азыркы системасынын негизинде чечүүгө мүмкүн эмес. Жаңы ыкмалар, жаңы идеялар, жаңы долбоорлор керек.

Өнүгүүнүн жаңы жолдорун табыш үчүн биргелешкен изденүүлөр, талаш-тартыштар, алдыңкы тажрыйбаны бөлүшүүгө чындап умтулуу зарыл.

Кезинде бир өлкөнүн педагогдорунун — КМШ мамлекеттеринин мугалимдеринин бүгүнкү сьезди мезгилдин чакырыктарына биргелешкен изденүүлөргө жана жоопторго арналат деп ойлойм.

Өз заманынын чакырыктарына акылман жоопторду тапкан улуу агартуучу Жусуп Баласагындын жеринде сиздер анын мурастарына шыктануу менен сьезддин жемиштүү ишин камсыз кыласыздар деп ишенем.

Быйыл дүйнө жүзүндө кыргыз элинин сыймыктуу уулу, белгилүү жазуучусу жана гуманист Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленип жатат. Жазуучунун „Биринчи мугалим“ повестинин каарманынын мекенинде билим берүү системаларыбыздын алдына турмуш тарабынан коюлуп жаткан суроолорду чечүүгө жаңы ыкмалар табылат деп ишенем.

Баардыгыңыздарга ден-соолук каалайм. Сыймыктуу ишмердигиңиздерди жаңы чыгармачыл ийгиликтер коштосун.

Сьезддин ишине ийгилик каалайм.»