Абылгазиев ШКУнун Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катшыуу үчүн учуп кетти

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын борбору Душанбе шаарында учуп кетти.

Ал 12-октябрда өтө турган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Кеңешменин жүрүшүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары  соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз-ара аракеттешүүнүн актуалдуу аспектилерин талкуулашат.

Ошондой эле Мухаммедкалый Абылгазиев жыйын алкагында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.