Түптө жергиликтүү тургундун үйүнөн 72 кг кара куурай табылды

ИИМдин Баңгизаттарга каршы күрөш башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн опперациянын алкагында Ысык-Көл облусунун Түп районунда жергиликтүү тургундун үйүнөн 72 кг 500 грамм кара куурай табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Баңгизаттын ээси кармалып, Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 247-беренеси («Баңгизаттарды, психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, алуу, сактоо, ташуу») менен кылмыш иши козголду.

Шектүү ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *