Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары:  «Рубикон» эски ээсине кайра кайтарылабы?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Биринчи май райондук соту 5-ок тябрдагы чечими менен “Вечерний Бишкек” медиахолдингинин мурдагы ээси Александр Кимдин ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра кароо арызын канааттандырды.

Эске салсак, 2014-жылдын сентябрында А.Кимдин мурдагы бизнес өнөктөшү Александр Рябушкиндин арызы ушул райондук соттун судьясы Эмил Аксамаев чыгарган чечим менен канааттандырылып, медиахолдинг ага өткөн, ал аз келгенсип А.Ким ага жарым миллиарддай сом карыз да болуп калган. Ага Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат тара-бынан кылмыш иши да козголуп, ал күнөөлүү деп табылган. Муну А.Ким өзү рейдерлик деп атап келген.

Эми ал чечимдер жокко чыгарылып, иш кайрадан каралмай болду. Кылмыш иши Жогорку сотто 22-октябрда кароого коюлду. “Вечерний Бишкектин” буга чейинки таржымалын карап келсек, ал мурда А.Акаевдин жакындары тарабынан тартылып алынган, 2014-жылдагы тартылып алынышында да ошол кездеги президенттин талапкерлеринин катыштыгы айтылып жүрөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *