Чүйдө катылган курал-жарактар табылды

1-октябрда Чүй облусунун Озерное айылында курал-жарак катылган жай табылды.Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, жашыруун жайдан “Макаров” тапанчасы, номерлери өчүрүлгөн “ИЖ” травматикалык тапанчасы, мылтык, ар кандай калибрдеги 77 ок жана желим октор алынды. Соттук-эксперттик кызматынын корутундусуна ылайык, курал-жарак жана ок-дарылар жарактуу болуп чыкты.

Чогулган материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу максатында УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына жиберилди.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *