12-октябрга карата аба ырайы

12-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 14…19,

Таласта жана Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, тоолуу жерлерде 0…-2 (үшүк), күндүз 12…17,

Ош, Баткен, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…19,

Нарында түнкүсүн -1…+4, күндүз 12…17 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5, күндүз 17…19 градус болот.