26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлөт

26-майда өлкө боюнча көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар, айрым жерлерде нөшөрлөп жамгыр жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16 күндүз  23…28

Талас өрөөнүндө түнкүсүн  10…15 күндүз  21…26

Ош, Жалал-Абад областтарында  түнкүсүн 13…18 күндүз 24…29

Баткен областында түнкүсүн  12…17 күндүз 24…29

Ысык-Көл областында түнкүсүн 9…14 күндүз  21…26

Нарын областында түнкүсүн  6…11 күндүз  19…24

Бишкек шаарында 26-майда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына күндүз 4-9 метрден 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16 күндүз 25…27 градус болот.

Булак: © Кыргызгидромет

One thought on “26-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, катуу шамал болушу күтүлөт

Комментарии закрыты.