Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Чакырылбагандар эмне кылып жүрүшөт?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

Чүй облустук сотунун Кылмыш-жаза иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндө иштер боюнча соттук  коллегиясы  (төрагалык  кылуучу У.Садырбеков,  судьялар  Т.Өмүркулов жана А.Койлубаев) “Балыкчы” ААКсынын мурдагы директору Курманбек Рыспаевге жана анын шериктерине карата кылмыш иши боюнча 21-сентябрдагы өкүмү менен Сокулук райондук сотунун 14-майдагы чечимин күчүндө калтырды.

Бул адаттан тыш созулган жарандык иш жана ага байланышкан кылмыш ишинин өзү биздин прокуратура жана сот органдарынын тыкан көңүл буруусуна татыктуу. Ал боюнча гезитибизде бир нече жолу материалдар жарыяланган. Аларда жазылгандай жана жабыр тарткан катардагы акционерлер 2010-жылдан бери арызданышып жүргөндөй, бул иштердин артында парламенттин айрым депутаттары жана башка бийликтеги таасирдүү адамдар турушат окшойт.

Акционерлердин  минтип  ойлоосуна 10-августтагы соттук отурумга күбө катары чакырылбаса деле акционерлер бул иштин артында турат деген Балык чарба департаментинин экс-директору Догдурбек Догочиев жана парламенттин депутаты Исхак Масалиев барып алышканы жем таштап койду. Демейде сотко чакырылган адамдарды алып келе албай, укук коргоо органдарынын айласы кетсе, “чакырттырбай келишкен” эки “күбөнүн” келишинде кандай сыр бар?

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *