Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Фракция саясый кеңешти тоотпой койду

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

7-октябрда парламенттеги СДПК фракциясы партиянын саясый кеңешинин Кожобек Рыспаевди фракциядан чыгаруу сунушун четке кагып салышты. Ага чейин партиянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаев башында турган саясый кеңеши К.Рыспаевди партиядан чыгарып, фракциядан да чыгаруу боюнча сунуш жөнөткөн. Бул сунуш фракциянын 36 мүчөсүнөн төртөөсүнүн гана колдоосуна ээ болду. 26 депутат каршы добуш берип, калганы калыс болушуптур.

Бул жана башка фактылар СДПК партиясынын ичиндеги бөлүнүп-жарылуудан кабар берип турат. Ал ортодо парламентарий Чыныбай Турсунбеков радиолордун бирине берген маегинде А.Атамбаевдин «партияны тазалап парламенттик шайлоого катышам» дегени КСДПда жүргөндөрдүн баарын ойго салганын айтты.

«Мага  азыркы  күнгө  чейин  саясый кеңеште белгилүү канатты башкарууга жана башка партиялардан сунуштар түшүп жатат. Азырынча бир жыйынтыкка келүү үчүн партия кайсыл жол менен барат деген маселени чечүү зарыл», — дептир ал. Муну менен ал партияда калуу же андан чыгуу боюнча бир пикирге келбегенин билдиргендей.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *