Сагындык КЕЛДИБАЕВ, Жогорку Кеңештин депутаты: “Азыркы Түркияны деле убагында Европалык мигранттар көтөргөн”

– Кош жарандуулугун жашырган жогорку  бийлик  бутактарындагы адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселеси көтөрүлүүдө. Бул боюнча пикириңиз кандай? Сизди кош жарандуулугу бар деп айыптап чыккан экс-депутат Ыргал Кадыралиева менен болгон чыр эмне менен бүттү?

– Бийлик бутагында отурган кош жарандуулугу бар болгон кызматкерлердин мыйзам  алдында  жоопкерчиликке  тартылуусун колдоймун. Мыйзамды так сактап, анда көрсөтүлгөн эрежелерди аткарышыбыз керек. Ал эми менин кош жарандуулугум тууралуу маалымат карандай калп. Мындай жалганды тараткан Ыргал Кадыралиева бул сөзү үчүн жооп берет. Ар бир адам айткан сөзү үчүн жооп бериши керек. Болгондо дагы атайын маалымат жыйын өткөрүп, кыз башы менен каратып туруп калп айтканы акылга сыйбай турган көрүнүш. Айтканын эми далилдеп бер-син, мен муну менен ар бир сөздү сүйлөөрдө ойлонуп, текшерип, талдап анан айтса демекчимин.

– Сыртта эмгектенип жүргөн мигранттарыбыздын көйгөйүн жакшы билген эл өкүлдөрүнүн бирисиз. Кыргызстаныбызды багып жаткан ошол мекендештерибиздин учурдагы эң орчундуу көйгөйлөрү кайсылар?

– Мигранттар тууралуу айта берсе сөз көп. Сырттагы мигрант мекендештерибиздин көпчүлүгү Россияда. Ал жакта биздин жарандарыбызга салыштырмалуу жеңилдиктер бар, бирок бул чек болбош керек деп ойлоймун. Учурда балдарын Кыргызстандын ЖОЖдоруна окутууда, пенсияга чыгууда бир аз көйгөйлөр болууда. Бирок муну акырындык менен чечсек болот. Биздин чет өлкөдөгү жарандарыбыз Кыргызстанга 2017-жылы 2,5 миллиард доллар, быйыл 2018-жылдын II кварталында эле 681 миллион доллар которуптур. Бул жакшы көрсөткүч. Албетте ал акчалар оңой-олтоң эле келе калган жок. Жүз миңдеген бир боорлорубуздун маңдай тери, ак эмгеги. Мигранттарыбыз тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келет. Бирок бул утурумдук көрүнүш. Кудай буйруса, өлкөбүз өнүккөн өлкөлөрдүн катарынан орун алып, мекендештерибиз сыртка иштегени эмес, эс алганы чыга баштайт деп ишенем. Дүркүрөп өнүгүп жаткан азыркы Түркияны деле убагында Европадагы түрк мигранттары көтөргөн.

– Президентибиздин ишкерлерди колдоо, негизсиз текшерүүлөрдөн коргоо сыяктуу чакырыктарына көз карашыңыз  кандай?  Ишкерликте укук-коргоо органдарынын адилетсиз мамилесине туш болдуңуз беле?

– Президентибиздин ишкерликти колдоого алган саясатын колдоймун. Ар кандай текшерүүлөр, бут тосуулар ишкердикке чоң тоскоолдуктарды жаратат. Президентибиз Сооронбай Шарипович ишкерлер менен жолугушууда “Коом үчүн да, ишкерлер үчүн да маанилүү маселе – арандарыбыздын сот системасына болгон ишеними. Бизнес айтып жаткан негизги дооматтардын бири соттук териштирүүлөрдүн адилетсиз болуп жатканы” деп эң туура айтып кетти. Экономиканын “мотору” болгон ишкерлерди ар тараптуу колдоого алып, мамлекеттин бюджетине инвестиция салууга шарттарды түзүү зарыл. Чет өлкөлүк жана ички инвесторлор үчүн “Кыргызстан-бизнестин бейишине” айла-нышы керек.

Маектешкен Тиленбек АЗЫК

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *