Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Ошондон кийин Бектемир менен Кызмончок бат-бат тан жолуга турган болушту. Кызынын минтип, кичинеден элге аралаша баштаганына Асылбек менен Сырга жетине албай калышты. Атүгүл бир кечте Асылбек качантан бери кармай элек комузун колуна алып, күүгө салып, эки жеңин түрүп таштап, манжаларын аркы-терки шартылдата, көздөрүн бекем жумган тейден, чекесинен чыбырчыктап чыккан тер жаагы ылдый салаалап аккычакты тыным албай ойноду. Сырга да ошого жетине албай, кудум баягы кездегидей буту-колу жерге тийбей эпилдеп, күйөөсү жакка улам жагалдана «жалт» карап, учуп-күйүп калды. «Кудай берет деген ушул, айланайын! Кызым жанагы эмеден кутулуп, элдин кыздарындай турмуш курса, атасы экөөбүз да элдей куда-сөөк күтсөк!.. – дейт басып-туруп оюнда, – О, Кудай, айланайын, Асылбектин да, менин да билип-билбей жасаган көп күнөө, аз айыбыбыз болсо кечирип, тилегибизди кабыл кыл?!.» Кызмончок ата-энесинин минтип жетине албай кубанып, бири-бирине жымыңдай караганын көрүп, аларга боору ачып, аяп кетет. Экөөнүн өмүрлөрүнүн акырына чейин ушинтип, бактылуу болушун каалап, анын баары бир Кудайдын, бир өзүнүн гана колунда экенин билет. Анан калса жаштайынан эле экөөнүн тең чачтарын ак аралап, беттерине бырыш түшүп барат. Муну Жан билбейт дейсиңби? Билет. Атүгүл акырк ы убактарда Асылбек менен Сырганын эмнеге сүйүнүп жүргөнүн, аларды кубантыш үчүн Кызмончоктун Бектемир менен бат-бат жолугушарын да түшүнөт. Ушунун баарын көрүп, туюп, бирок Жан баары бир Кызмончокту унута албай, кете албай койду. Анткени ал сезчү, Кызмончок канчалык жашырганы менен, Жанга таптакыр кайдыгер боло алчу эмес. Эмнегедир эле жылан эсинен кетпей, жигит менен сүйлөшүп туруп деле эси-дарты Жан тарапка бурулуп, тартыла берчү. Ансыз да аларды айланып-тегеренип жүргөн Жанды бул ого бетер байлап, кетирбей тушап алчу… Кызмончок да өзүн-өзү алдап, ушунун баарын жокко чыгаргысы келип, канчалык чымырканганы менен жүрөгү: «Жан! Жан!» – деп кагып туруп алчу да, Жандын кайрылгыс болуп кетээрин эстегенде асман-жери аңтарылып кетчү…

* * *

Бир күнү, Кызмончок үйдө жалгыз кезде Жан баягы жолу менен үйгө кирди. Ал жолду кыздын өзү, ата-энеси да билчү. Бирок эч кимиси аны жаап салуу жөнүндө ойлогон да эмес. Бу жолу да Кызмончок жатчу үйдөгү чычкандын уюгундай тешиктен Жандын башы кылтыйып, анан денеси өйдө суурулуп чыга баштады. Жүктүн бурчунда Бектемирге арнап бетаарчы саймалап отурган кыздын жүрөгү «болк!» этти. Эмнегедир ийне кармаган колдору титиреп, денеси дүркүрөй түштү. Көздөрүн жумуп, башын жүккө сүйөп чалкалай түшүп, демин ичине каткан кыз бул сапар. Көптөн бери көрүнбөй, таарынып кеткен жыландын эмнеге келгенин билген жок. А балким ич күйдүлүк менен айбандык кылып, уусун чачаар?! А балким айкөлдүк кылып, кечирим сурап өз журтуна кайтаар?!

Жан да кыздын алдында көпкө чейин унчукпай, сулк жатты да, качан кыз көздөрүн ачканда гана качантан бери жакындан карай албай, куса кылган сулуулукка сук арта тиктеп калды. Ошондо гана кыз күч-кубатын жыйып, жыланды карабай туруп, калчылдаган добуш менен үн катты:

– Жан! Сен акылдуу жылансың! Сен баарын билип, түшүнүп турасың! Бармактайыбыздан экөөбүз бирибиздин адам, бирибиздин айбан экенибизге кайыл болуп, эзилишип, эрчишип эгиз өстүк. Сенсиз менин күндөрүм супсак, муздак болуп, сен көрүнбөй калган күндөрү чыр салып, ата-энемди кыйначумун…

– Мен да сени ар убак сагынып, самап, сага гана бүт өмүрүмдү, башымды сайып, жыландардан өзгөчөлөнүп, сени сүйдүм, Кызмончок!

– Билем, Жан! Бирок мени аячы! Ата-энемди, өзүңдү да ая! Эми артыңа кайт!.. Сенин дагы, менин дагы «акты – ак, караны – кара» деп айра билип, өз-өз ордубузду табууга мезгилибиз жетти!

– А балким биз, бул ааламдын, тирүүлүктүн алмуздактан бери келе жаткан мыйзам ченемин бузуп, ажайып жаңы сырын ачаарбыз?!. Адам менен айбандын ортосундагы ажырымды бириктирип, бир бүтүндүк жасап, экөөбүз жаңы өмүр улаарбыз?!.

– Кантип, Жан?!

–Эмне экен?! Ал сенин, менин – экөөбүздүн колубузда! Биз менен эч кимдин иши болбосун үчүн алыс-алыс жактарга, аска-зоолордун арасына кетип, ошол жакта өмүр улап, өз дүйнөбүздү жаратаарбыз?!

– Жок, Жан! Капкайдагыны ойлоп, жокту эңсебе!

– Мени «адамдык асыл касиеттерге» окутуп жатканыңда: «Калоосу жарашса – кар күйөт» дечү эмес белең?!

– Токто, Жан!!! Дегеним чын! Бирок анын бу жерде эч тиешеси жок!

– ?!.

– Экөөбүз жандилибизди кошконубуз менен, эч качан жуурулушуп, кан-жинибизди кошо албайбыз! Сен эмнеге ушуну ойлобойсуң?!

– Ойлодум, Кызмончок! Эгерде жандилибиз чындап кошулса, сен гана жалгыз мендик экениңди билдирип, бары-жогуна кайыл болуп, «сендикмин» десең, анын жолун мен табайын!

– Жок, Жан! Жок! Мен эч качан сендик боло албайм! Мен корком, Жан! Корком!.. Баарынан корком! Ата-энемди азапка салгандан да, сенден да, сенин аска-зоолордогу жашооңдон да, баарынан корком! Түшүнөсүңбү ушуну?! Түшүнчү?!

– !..

– Кечир мени, Жан?! Бирок… эгерде сен мени чындап сүйсөң, айткандарыңдан кайт! Эли-жериме, ата-энеме, эч кимге зыян кылба?! Суранам?!.

Жан Кызмончоктун жашка жуулган жүзүн – жамгырга жуулуп жаткан гүлгө окшотуп, эс-мас карап тура берди. Нымдалган узун кирпиктерин алсыз ирмеп, балбылдаган чоң көздөрү менен жыланды ансайын жалооруй тиктеди кыз:

–Кетчи, Жан?!

Кыздын жалдырап, жалооруганы Жандын муун-жүнүн бошотуп жиберди. Андан ары карап тура албай, жек көрө да албай, терс бурулду да, эми жанагы оюк менен эмес, саал кыңайып ачылган эшик аркылуу чыгып кетти Жан!

* * *

Каякка баратканын өзү да билбей, үйдөн чыгып туш келди эле чымын-куюн болуп кетип бараткан Жан адамча ыйлап, кандайдыр бир аянычтуу кышылдаган үн чыгарып, кечээ эле керемет туюлган кең дүйнөсү бүгүн тарып, асманы аңтарылып, жери көчүп баратты анын! Ушул ирет дагы ал  адам болбой, жылан болуп калганына өкүндү! Же болбосо Кызмончокту жылан кылып кубултуп алып, жанына жандай эрчитип, аска-зоолордун арасына алып кете албас кудуретсиз экенине, анткен менен жылан болуп жыландарга да кошула албай, адамга арзып калган тагдырына таарынды! А бирок ушул эле бир учурда өзүндөгү адам баласынан оошкон кандайдыр бир улуу касиетти туюп да, жандилинде кайра ошого алданып, соороно түштү. Ал улуулук – эч бир айбандын акылына да сыйбаган айкөлдүк, кечиримдүүлүк менен сабырдуулук жана туруктуулук менен улуу махабат сезими  болчу! Өзүндө мына ушулар бар үчүн, жада калса аны өзүнөн алыстатып,  жанына жакын жуутпай кубалаган күндө дагы Кызмончокту жек көрө албады, ага таарынбады. Кек сактап, жамандык кылууну да ойлободу.  Тескерисинче, кайра аны ошончолук  көкөлөтө сүйүп, ыйык жана бийик тутуп, эч нерсеге, эч кимге теңей да, ыраа да көрө албай… аяп, анын бактылуу болуусун Жараткандан суранып, коштошуп баратты!..

Бирок эсине бир нерсе түшө калган сыяктуу жылан бир убакта «тык!» токтоду! Кандайдыр бир түйшөлүү жолунан тосуп: «Мен кетсем, аларды ким арачалайт, кара өзгөй адамдардан ким коргойт?!»– деген суроо артына кылчайтып каратты. Анткени ар бир үйдө Кызмончоктун ажыдаар экендиги, атүгүл эртеңдерден айылга залакасы тийери жөнүндө толгон токой ушак чындыктай жашап, элдин бул үй бүлөгө карата шектенүүсү менен жек көрүүсү күн сайын күчөп бараткан. Атүгүл кадимки эле Бектемирдин апасы күнүгө бир канча жолу айылдын аяк-башына угузуп:

– Ажыдаар кызды үйүмө алып келсең, эки дүйнөдө нааразымын! Энеликтен кечип коём! Эр болсо эле Асылбектин жыланы үйүмдүн босогосун аттап көрсүн! Ичин жарып, ичеги-кардын чубап өлтүрөм! – деп жүргөнүн билет. Ошондон улам го, азыр  Жандын көз алдына Кызмончоктон ажыраган  Асылбек менен Сырганын буркурап-боздогону элестеп, мээге жегендей башы «зырп!» дей түштү! «Жок! – деди оюнда, – Мен үй бүлөмдүн антип, кор болгонун каалабайм!» «Үй-бүлө!..» – ушул сөз Жанга эчактан, тээ Асылбектин үй-бүлөсүнө аралашкан кенедей кезинен жагымдуу. Анткени ар убак Кызмончок:

– Ата, айтсаңыз, Жан да биздин үй-бүлөгө киреби? – деп бышыктап сурай берет эле.

– Ооба, чогуу жашап жаткандан кийин ал да биздин үй-бүлөгө кирет! – дечү атасы. – Бир үй-бүлө болгон соң, демек бири-бирине күйүм дүү, ишенчиликтүү болуп, жакшылык-жамандыкта бири-бирин колдоп, бири-бирин эч качан кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылбоо керек! – дечү Сырга да. Анын бул айтканынын ары жагында Жанга карата: «Уугум сага айтам, уулум сен ук» деген түшүнүк жатканын түшүнчү да, оюнда: «Жок, мен силерди эч качан кепке кемтик кылбайм! Уятка да калтырбайм! Эч кимге залакамды тийгизбейм! Бирок силерге кимдир бирөөлөрдүн залакасы тийип жатса… кантип чыдайм?!» – дечү Жан. Эми да: «Бектемир менен кезигишип, сырын тартып көрсөмчү?» – деп, кайра: «Кантип?!» – деген суроого какай түштү. Ырас эле кантип?! Биринчиден ал Кызмончокко окшоп жыландын тилин билбейт да! Экинчиден Бектемирдин азыр жылан жөнүндөгү чындыктан эч кабары жок. Ал жөнүндөгү укмуштуу ушактарга ишенгиси да келбейт. А эгер Жанды көрсөчү?! Анда… анда деле Кызмончокту өзүнө жуп кылып, өмүрлүккө кол сунабы же апасы менен айылдыктардын ушагына ишенип, жек көрүп калабы?! Анда Кызмончок кантет?! Андан аркы тагдыры эмне болот?!» Ушул кезде оюна бир азгырык сезим «кылт» этти: «Коё турчу… а балким Кызмончок анда… биротоло мендик болуп калар?!.» Не болсо да көкүрөк-көңүлүн өйүп турган ушул суроолорго жооп табыш үчүн  кайра айылды карай имерилди. Бирок бу жолу өз үйүндөй болуп калган Асылбектикине эмес, Абылайдыкын карай бет алды.

(Уландысы бар)

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Комментарии закрыты.