Адыл Каниметов Караколдун мэри болуп дайындалды

Каракол шаардык кеңештин депутаттары Адыл Каниметовду шаардын мэри кылып шайлашты.

Каниметовго добуш берүүгө катышкан 29 депутаттын 18и колдогон. Ал эми анын атаандашы шаардык кеңештин төрагасы Эрлан Айсаракуновго 11 добуш тийди. Каракол шаардык кеңешинде беш фракция бар. Айсаракуновду “Табылга” фракциясы, ал эми Каниметовду калган фракциялар көрсөткөн.

Эске сала кетсек, мурда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, Арпачиевге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөн. Кийинчерээк ал премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри кызматынан бошотулган.