Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке кезектеги акча каражатты которулду

Коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке 4,1 млн. сом которулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда УКМК экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 4,1 млн. сом которгон.

Жалпысынан УКМК бирдиктүү депозиттик эсеп ачылгандан тарта 157 млн. 753 миң. 802 сом которгон.

Эскерте кетсек, коррупциялык иштерден өндүрүлгөн каражаттарды которуу үчүн атайын эсеп ачууну президент Сооронбай Жээнбеков 16-майда тапшырган. Натыйжада Финансы министрлиги атайын эсеп ачуу боюнча токтомду даярдап, өкмөткө жөнөткөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жемкорлордон кайтарылган акча үчүн атайын эсеп ачуу боюнча токтомго 3-июлда кол койгон.